super.kg logo

Таиланд падышасынын туулган күнүнө карата капастагы миңдеген таш бакалар эркиндикке коё берилди

 
Маха Вачиралонгкорн

Таиланддын падышасы Маха Вачиралонгкорндун туулган күнүнүн урматына мектеп окуучулары жана деңиз-аскер офицерлери 1066 таш баканы деңизге коё беришти. Мындай салт монархтын өмүрүн тилөө максатында уюштурулган деп жазат бүгүн, 26-июлда Батыш маалымат каражаттары.

Иш-чара Чонбури провинциясындагы Саттапи деңиз-аскерлердин базасында уюштурулду.

Падыша Маха Вачиралонгкорндун туулган күнү 28-июлда белгиленип, ал 65 жашка толот. Мурунку падыша Пхумипон Адульядет каза болгондон кийин, бул күн былтыртан баштап мамлекеттик майрам деп жарыяланган.

Таиланддагы буддисттер жаныбарларды жана чымчыктарды эркиндикке коё берүү жөрөлгөсүн жакшылык алып келет деп белгилешет. Ошондой эле таш бакалар узак жашоонун символу катары эсептелгендиктен, аларды сууга коё берүү менен адамга узак өмүр тилеп жатабыз деп ишенишет.






Таиландда падышанын урматына таш бакалар сууга коё берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.07.2017. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул 65 жаштабы
27.07.2017. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баручу кыздын ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-27 09:36:35
27.07.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir_88, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: