Индияда селден каза болгондордун саны 119га жетти
Индияда бир нече күндөн бери катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, анын кесепетинен каза болгондордун саны 119га жеткенин аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазууда.
Маалым болгондой, акыркы сааттарда селден өлкөнүн батышында жайгашкан Гуджарат штаты өзгөчө жапа чегип жаткан болсо, түштүк-чыгыш тарабындагы Аруначал-Прадеш жана Ассам штаттарында каза болгондордун саны көп катталууда.
Жергиликтүү чиновниктердин ЖМКларга берген маалыматына караганда, аталган аймактарда жашаган 40 миңге чукул эл жер которууга аргасыз болууда. Учурда куткаруу кызматы кайык жана тик учактын жардамы менен элди башка аймактарга көчүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Mba-992

27.07.2017. 13:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын айттырбай келген кырсыктардан...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.