super.kg logo

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли ажырашкандан кийин алгачкы жолу чоң интервью берди

 
Анжелина Жоли
“Vanity Fair” журналы
Уулу Нокс менен
Актриса балдары менен
Экс-жолдошу Брэд Питт

Белгилүү актриса Анжелина Жоли актёр Брэд Питт менен ажырашкандан кийин алгачкы жолу америкалык “Vanity Fair” журналына чоң интервью берди. Анда үй-бүлөлүк уруш эмнеден чыкканын так айтпаса да, ажырашуудан кийинки жашоосу тууралуу кенен маалымат берген.

“Ата-энем ажырашып кеткенде, мен апам үчүн абдан убайым тарткам. Азыр балдарым мен үчүн сарсанаа болушун каалабайм. Андыктан убактымдын көбүн аларга арнап, жадакалса даамдуу тамак жасап берүү үчүн кулинария курсуна да жазылдым”, - деген ал. Ошондой эле кээде жан дүйнөсү кыйналып ыйлагысы келерин, ал учурда балдарынан жашырынып ванна бөлмөсүндө ыйлап аларын да кошумчалаган.

Ал эми ажырашууну балдары кандай кабыл алганы тууралуу суроого кыскача гана жооп берген.

“Ар бир балам ар кандай кабыл алды. Мен үчүн 9 жаштагы уулум Нокско түшүндүрүп берүү өтө оор болду. Ал өзүн жинди болгон адамдай эле алып жүрдү. “Биз акылдан азган үй-бүлөбүз, кел мындан кийин деле ушинтип жашай беребиз. Элдин баарына акылдан азып калганыбызды айтабыз” деген сыяктуу сөздөрдү айтканга чейин барды”, - деген актриса окуядан соң өзүнүн ден соолугу начарлап, нервден улам бет булчуңунун шал оорусу менен жабыркаганын да айткан.

Маектин соңунда келечектеги пландары менен бөлүшкөн.

“Мен 9 ай үй иштери менен алектендим. Идиштерди өзүм жууп, тамакты өзүм жасап жаттым. Эми ботинкемди кийип алып, балдарым менен жер кыдырып саякаттагым келип жүрөт”, - деген ал.

Эске салсак, Голливуд жылдыздары Анжелина Жоли менен Брэд Питт 2016-жылдын 19-сентябрында эки ажырым жолго түшүшкөн. Алардын 6 баласы бар болсо, 3өөнү багып алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
27.07.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Экоонун тен эле бири биринде конулдору бар сыяктанат менимче, жарашып эле алышканда жакшы болот эле
27.07.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тушунуксуз.....
27.07.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
картая тушуптур, чарчанкы корунот. ушуларга не жетпейт бактылуу болуп жашай бербейби нары, бала десе бала куйоо десе куйоосу, аялы десе аялы дуйнонун алдынкы идеалдары, байлык десе байлык, аброй десе аброй. негизи адамга эчтеке жакпайт да.
27.07.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AKCAHAT,байлык канча коп болсо, проблема да ошончо чон болот!!
27.07.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанга келип кетсин.Коп балалуулар мамлекеттеринин бирибиз.Жаратылышыбыз да жакшы.
9ай жашаган жашоосу мн омур бою жашагандарды корот.
27.07.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоли сулуу актриса да
28.07.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрадан жарашып алышаарына тилектешмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: