super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ИЮЛЬ: Тез татымдардын "падышасы" - гамбургердин пайда болгонуна 117 жыл болду

 

Мындан 117 жыл мурун, 1900-жылы 27-июлда Луи Лессинг аттуу америкалык гастроном Коннектикут штатындагы өзү төрөлгөн Нью-Хейвен шаарында дүйнөдөгү биринчи гамбургерди саткан. Ал эки тоголок булочканын ортосуна немис бифштексин коюп, соус жана салат жалбырагын кошкон. Гамбургерлер 1904-жылы Миссури штатынын Сент-Луис шаарында өткөн дүйнөлүк көргөзмөдөн соң калың элге аты тараган. 1930-жылдардын башында Канзас шаарынын тургуну Уолтер Андерсон White Castle Hamburger деп аталган тез татымдар тармагын ачып, анын негизги тамагы гамбургер болгон.

Ал эми 1948-жылы бир туугандар Макдональд жана Рей Крок McDonald's тез татымдар тармагын ачышкан. Анын гамбургерлери учурда дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунда сатылууда.

27-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: