Суусамырдын Көкөмерен суусуна агып кеткен окуучу кызды издөө иштери токтотулду
Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында сууга агып кеткен 14 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Көкөмерен суусуна агып кеткен кызды издөөгө 7 куткаруучу чыгып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барышкан. Бирок издөө иштери натыйжасыз болуп өспүрүм кыз табылган эмес.
Эскерте кетсек, 20-июль күнү Суусамыр айылында Көкөмерен суусуна 14 жана 15 жаштагы эки кыз сууга агып кеткен. Жергиликтүү тургундар өздөрү издөө иштерин жүргүзүшүп, 15 жаштагы кыздын денесин табышкан. Ал эми 14 жаштагы кызды издөө иштери жүргүзүлүп жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Pchelka85

27.07.2017. 10:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 кыз эмес 5 кыз барып суу кечип отобуз деп бешоо тен агып кетиптир деп атышат го.. Супер Тактап корсонор. Просто ошондой имиштер журуп жатат.
admin_superstan

27.07.2017. 11:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pchelka85, саламатсызбы? ӨКМ тактап берген маалыматта 2 эле кыз аккан деп айтылат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-27 11:22:43
Krai

27.07.2017. 10:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылбаса жон койушабы кызык эч болбосо соогун кийим кечесин деле табышса болмок кантип чыдайт ата энеси эч болбосо олугун корбосо
dindilin

27.07.2017. 16:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krai, айла жоок. Баары кудайдын колунда дегендей. Менин синдимдин баласы Нарын суусуна 19унда агып кеткен. Тилеке каршы табылган жоок. Жараткан ар бир пендени ата-энеден.баладан айрыбасын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.