Заманбап чапан, кийизден жасалган панно, ат жабдыктары бар жарманкеден фоторепортаж













Бишкектин борбордук аянтында бүгүн, 27-июлда "Оймо" фестивалы өтүүдө. Жарманкеге этно стилинде иштеп келген кол өнөрчүлөр, дизайнер, сүрөтчү, зергерлердин буюмдары коюлду. Улуттук орнаменттер түшүрүлгөн чапан, чыптама, баш кийим, көйнөк, моюн орогучтар, кийизден жасалган панно, сумкалар, көз жоосун алган зер буюмдарын жарманкеден сатып алууга болот.
Баасы жасалышына жана керектелген материалдарга жараша болот. Булгаарыдан жасалган тумар 50 сомдон болсо, ат жабдыгы 150 миң сомго бааланды. Карышкырдын терисин 20 миң сом, кийизден жасалган паннону 10-15 миң сомго сатып алса болот.
Иш-чарага чет өлкөдөн да кол өнөрчүлөр келишкен. Өзбекстандан келген Нарбүбү Сафарова "Оймо" фестивалына 2006-жылдан бери катышып келгенин айтат.
"Бухарада өтө турган көргөзмөгө Кыргыз кол өнөрчүлөрү катышып турушат. Кол өнөрчүлүк жашап келген, мындан ары да жашай берет. Мен билгенимди кызыма үйрөтүп келе жатам. Биз улуттук орнаменттерди заманбап кийимдер, сумкаларга түшүрөбүз. Суроо-талап жогору", - дейт Нарбүбү Сафарова.
Ал бир эле сумканын үстүнөн 5-6 чебер иштей турганын белгилейт. Анын айтымында бычмачы, оюм түшүрүүчү, кооздуктун дизайнын ойлоп табуучу ар бири 2 сааттан иштегенде 1 буюм 6-7 саатта даяр болот. Чебер буюмдар көп убакытка сакталышы үчүн табигый материалдарды иштетишерин кошумчалады.
Жыл сайын популярдуулугу арткан фестивалга катышуу ниетин билдиргендердин саны да көп болууда. Көргөзмөдө колдо жасалган, салттуу технологияларды колдонуп, табигый материалдардан жасалган буюмдарды көрүүгө болот. Ар бири эксклюзивдүү, оригиналдуулугу менен айырмалангандыктан фестивалга чакыруу алган.
Фестивалдын максаты – кыргызда кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүү, байыртадан келе жаткан салтты жандандыруу, маданий мурастарды сактап, кыргыз бермети – Ысык-Көлдү туризмдин ордосуна айландыруу. Борбор калаада фестиваль 4 күнгө созулат. Андан кийин иш-чара 1-августтан 6-августка чейин Чолпон-Ата шаарында уланат.
Бишкекте "Оймо" фестивалы башталды
