super.kg logo
  Саясат  

Нарын. "Өлкөбүздүн өнүгүшү - чыр-чатак, зомбулуксуз" деген ураандын алдында акция өттү

 
“Нарын билим берүү долбоорлорунун агенттиги” коомдук бирикмеси кезектеги долбоорун “Өлкөбүздүн өнүгүшү - чыр-чатак, зомбулуксуз!” деген ураандын алдында Нарын шаарынын №87-кесиптик техникалык лицейинин имаратында акция өткөрдү. Бул долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн “Комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында колдоого алынган. Иш-чаранын максаты - ар кандай чыр-чатак, чыгым, зордук-зомбулук көрүнүштөрдүн алдын алып, эл арасында тынчтык, бейпилдик, ырашкерлик маанайга үндөө максатында чоң маалыматтык компания жүргүзүү. Акцияга өз мисалы менен үлгү болгон үй-бүлөлөр, алардан үлгү, тарбия ала турган жаш улан-кыздар катыша алышты. Андан сырткары эл аралык уюмдардан, мамлекеттик ишканалардын үй-бүлө менен иш алып барган кызматкерлери, дин кызматкерлери ардактуу конок болуу менен бирге өз тармактарында аялдарга, жаш балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча кандай иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу айтып беришти.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: