super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов президенттикке аттангандарды бири-бирин каралабоого чакырды

 

Бүгүн, 27-июлда “Кыргызстан” партиясынын съездинде КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттикке талапкерлигин койгондорду бири-бирин каралабоого чакырды.

“Ким президент болсо да, бүгүнкү күндө түзүлгөн стабилдүүлүктү, өсүп жаткан экономиканы, социалдык тышкы саясатты улантып кетиши керек. Жакшы нерсени алыш керек. Бир кишини күнөөлөгөндөн, каралагандан алыс болсок. Бирөөнү каралоо талапкерге аброй алып келбейт. Маданияттуу сындасак, жөн жерден каралабайлы”, - деди ал. Ошондой эле бардык талапкерлерге ийгилик каалап сөзүн жыйынтыктады.

Съездге Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Иса Өмүркулов, “Ата Мекен”фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов, “Бир Бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, экс-депутат Ахматбек Келдибеков катышты.

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда президенттикке ат салышуу үчүн 40 талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: