super.kg logo

"Үйдө жалгыз" тасмасынын башкы каарманы Маколей Калкиндин жаңы сүрөтү күйөрмандарын кубантууда

 

Маколей Калкин “Үйдө жалгыз” үй-бүлөлүк комедиясынын башкы каарманы Кевин Маккалистердин ролу менен дүйнө жүзүнө атагы чыккан. Тилекке каршы, тасмадагы кичинекей актёр жетилген соң чыгармачылыктагы карьерасынан алыстап, ал гана эмес өз келбетине да жакшы кам көрбөй калган. Чет элдик басылмалар мунун себебин анын ичимдик менен баңгизаттан көз каранды болуп калганына байланыштырып келишкен.

Себеби 2004-жылы актёр 17 грамм марихуана жана колдонууга тыюу салынган заттар менен кармалган.

Мила Кунис менен

Ал эми 2012-жылы сүйүктүүсү, актриса Мила Кунис менен эки ажырым жолго түшкөн соң өз өмүрүн кыюуга аракет кылган деген маалымат коомчулукка желдей тараган.

Соңку жылдары өз келбетине анча кам көрбөй сакал-мурутун албастан, чачын узун кылып өстүрүп жүргөн актёрду АКШлык папараццичилер ушул жылдын 23-июль күнү Лос-Анжелестеги дүкөндөрдүн биринен сүрөткө тартып алышкан. Анда Маколей Калкиндин чачы кыскарып жана келбети мурункуга караганда бир топ жакшырып калганын көрүүгө болот.

Чет элдик басылмалардын жазганына таянсак, ал күнү Калкин америкалык актриса Бренда Сонг менен жолугушкан.

Учурда сүйүктүү актёрунун жагымдуу көрүнүшүнө кубанган күйөрмандары анын жаңы сүрөтүн социалдык тармактарга бөлүшүп, баңгизатты таштап, кайрадан кино тармагына киришерине үмүттөрү чоң экенин жазышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
27.07.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
олду деп журду беле э. же мен жаныламвы. бирок менда кубанычтамын
27.07.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
botanik go
28.07.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Syn4y,тырмагына лак койгон ботаник
27.07.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен дагы суйунупатам олду деп укканда жаман болгом. Атасынын рольун жараткан Питер Маккалистер олуптур.
27.07.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тырмактары боелубу фуууу
27.07.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Страшный болуп кеткен экен эле да)))Бирок дагыле дукондун исинде,ичимдиктердин жанында журобу
27.07.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок эми баары бир мурдакыдай болбойт.
27.07.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдардан да коп шакек тагынатго
27.07.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
П...к эмесби бул?)
28.07.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин балдар аябай берилип корот да ушунун киносун,биз да кошшулуп коробуз,кайра-кайра коргун келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: