super.kg logo

Азимбек Бекназаров: “Ата Журт” партиясынын съездинде сүйлөгөн сөзүмдү "улуттук кастыкты козутуу" деп айтуу негизсиз"

 

Бүгүн, 27-июлда коомдук ишмер Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын жүрүшүндө Бекназаров “Ата Журт” партиясынын съездинде сүйлөгөн сөзүн "улуттук кастыкты козутуу" деп айтуу негизсиз экенин билдирип, ал сөзүнө түшүндүрмө берди.

Мен кайсы бир улуттун атын атаган жокмун. Кайсы бир улутка басынтуу жасаган жокмун. Улутчул болуш үчүн кайсы бир улутту атап "сен мындайсың, силер тигиндейсиңер" деп айтышым керек. Мени эгер сотко берсе Ташиев менен Келдибеков бериши керек. Мен аларды таза кыргыз деп атаганым үчүн. Менин "Ата Журт" партиясында сүйлөгөн сөзүмдө улутчулдук жок. Азыр улутчулдук деген түшүнүк мекенчилдик деген түшүнүккө алмашты. Мен Путинди сыймыктануу менен айтам. Ал улуттук идеология менен бүтүндөй элин бириктирип, экономикасын көтөрдү. Мен да Путин, Эрдогандай болуп улуттук идеологиянын алдында чачылып бараткан элди бириктиргим келет. Акаевдин "общий домун сындырам" дегем. Ар бир жаран улутуна карабай ушул үйдүн ээсимин деп мекенин сыймыктанып айтышы керек”, - деди Бекназаров.

Эскерте кетсек, 18-июлда Бишкекте "Ата Журт" партиясынын XI курултайы өтүп, Азимбек Бекназаров чыгып сөз сүйлөгөн. Ал эми УКМК Бекназаровдун сөзү боюнча филологиялык-саясий экспертиза дайындалганын билдирген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.07.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ойлонуп суйлош керек
27.07.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asankulov12, жарыктык кишинин ойлонуп туруп суйлогону ушул. Суйлоп алып анан ойлоно тургандардан эмес го бульдозер.
Tunerbei1812 түзөттү 2017-07-27 15:30:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: