super.kg logo

2 фляга максымды сатыкка чыгаруудан башталган "Шоро" компаниясы негиздөөчүсү Таабалды Эгембердиевге эстелик тургузду

 

Бүгүн, 27-июлда улуттук суусундуктар менен калкты камсыздап келе жаткан "Шоро" компаниясы түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесин белгиледи. Муну менен катар аталган ишкананын негиздөөчүсү, ишкер Таабалды Эгембердиевдин элесине арналып тургузулган айкелинин жана стеласынын ачылыш аземи өттү. Бийиктиги 4,5 метр, туурасы 12 метрди түзгөн стеланын бетинде маркум Таабалды Эгембердиевдин ой-кыялы, аткарган иштери, баскан жолу, максаты чагылдырылганын иниси Жумадыл Эгембердиев айтты. Эстеликтин ачылыш аземине эл өкүлдөрү, Бишкек шаарынын вице-мэри, достору, замандаш-санаалаштары, үй-бүлөсү жана компаниянын өнөктөштөрү катышты.

Миңден ашык жаранды жумуш менен камсыздаган бул компаниянын ишмердүүлүгүн Таабалды Эгембердиевдин көзү өткөндөн кийин иниси Жумадыл Эгембердиев улантууда. "Таабалдынын каза болгонуна билинбей эле 2 жылдан ашып кетиптир. Ал биздин нукура улуттук суусундугубуз менен дүйнөнү багындырам деген максатты койгон. Эстеликте биз ошол ойду чагылдырдык. Аны "Шоро" компаниясынын башкы кеңсесинин короосуна орноткондугубуздун себеби - айкелди көрүп биз ал көксөп, бирок аткарууга үлгүрбөй калган жумуштарын ишке ашырууга күч алабыз. "Шоронун" кызматкерлери ушул жерге келип Таабалды менен кеңешип турабыз", - деди Эгембердиев.

Сөз Таабалды Эгембердиевдин досу, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевге берилип, ал анын тапкычтыгын, акылман, иштерман, ошол эле учурда өтө жөнөкөй адам болгондугун айтты: "Кыргыздын ата-бабасынын өткөн турмушун эске салып, бизди тээ балалыкка жетелеген үйлөрдү "Супара" этнокомплексине өз колу менен куруп кетти. Анын колу тийген ар бир ташка жан киргендей туюлат. Мындан 25 жыл мурун "Максым жасап сатам" деген Таабалдыны шылдыңдап күлгөндөр болгон. Милиция жолго тургузуп саттырбай, кууп жүргөн күндөрү өткөн. Бүгүн бул ишкана бүтүндөй кыргыздын сыймыгына айланды".

Калктын саламаттыгы менен улуттук маданияттын башатын сактап калууну негизги милдети катары санаган "Шоро" компаниясынын түптөлүшүнө Эгембердиевдердин апасы Сүйүн апанын да салымы чоң. Сүйүн апа учурда 88 жашта."32 жашымда өмүрлүк жолдошумдан айрылып, 3 балам менен жесир калдым. Балдарымдын улуусу - Таабалды. 1992-жылы ушул ишти баштайм дегенде үйдөгү 2 эчки, 4 койду сатып берип, ошонун акчасына башташкан. Биринчи күнү базарга 80 литр гана максым алып чыгышып, ал 2 сааттын ичинде сатылып кеткен", - деп эскерди ал.

"Шоро" компаниясы эл аралык сапаттын стандарттарына жооп берген кеңири ассортименттеги товарларын сунуштап келет. «Максым Шоро», «Чалап Шоро», «Жарма Шоро», «Бозо Шоро» улуттук суусундуктары өлкөдө гана эмес, чет жерлерде да элдин тандоосуна ээ болууда. Мындан тышкары "Легенда", «Арашан», «Байтик», «Ысык-Ата», «Жалал-Абад», «Шоро-Суу», «Кара-Кече» минералдык сууларын чыгарууда. Ишкананын жамааты күн сайын жаңылануунун үстүндө иш алып барып, эми минералдык сууларды айнек бөтөлкөгө куюп чыгарууда. Мындай аракет товарды чет өлкөгө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн арттырат. 2018-жылдан тартып аталган компаниянын бир катар минералдык суулары жакынкы мамлекеттерге экспорттоло турганын жетекчиси Бактыбек Исраилов билдирди.


кошулду





"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсүнө экинчи өмүр тартууланды

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
27.07.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Tabyldy agabyzdyn emgegin kyrgyz eli ech kachan unutpait
27.07.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шорону Россияга алып келип сатса,Кыргызстандан кем эмес отот.
28.07.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hadyja,менин ошондой кыялым бар,бирок ишке ащырууга бир ааз жаштык,жана каражат маселеси жетпей турат.Калганы бут даяр.
SUPER.KG видео
27.07.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмаат чоон !
SUPER.KG видео
27.07.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Россия- Республика эмес. Бул Федерация.
28.07.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эстелиги каякта экен?
Медиа-портал
28.07.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Скульпторго таазим!!! Озгочо, кызыктуу, терен ойду камтыган эстелик болуптур!!!
28.07.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мага дагы абдан продукциясы жагат. Мындан да чон ийгиликтерге жетишкиле !
28.07.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы
28.07.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эстелик абдан сонун болуптур,скульпторго рахмат,Таабалды Эгембердиев кыргыз элине татыктуу эмгек кылып тарыхта аты калды.Кудайым бейишинен берсин.
28.07.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сиздерге жалган мага чын тундо озумчооо жатып ииий шоро табылгыс суусундук экен деп элестеттим эле Аллахым насип этип эми мынтип кабар окуп атам. Тообо кылдым тан калып атам эстесем ушу жонундо соз болуп атканын. Суусасан сууну кандырат ачкарын ичсен ток алып журот тегеле укмуш касиети бар экен деп. Бала эмизген аял ичсе аябай сут келет экен. О куну Ордолуу Ошто ичтим эле аябай бат эле сут Келди. Эми Москвага да алып кадимкидей магазинден алып ичип калсак жакшы болот эле
Benazir08 түзөттү 2017-07-28 19:24:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: