super.kg logo

"Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевге тест тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилбесе, ачкачылык жарыялай турганын айтып чыгышты

 

Бүгүн, 27-июлдагы маалымат жыйынында "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Текебаевге тест тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилбесе, партиянын 10 чакты мүчөсү ачкачылык жарыялай турганын билдирди.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевдин документтерин кабыл алып, бирок тест тапшырууга шарт түзүп берүү маселесин чечип бербей жатат деген пикирин айтты.

"БШК Өмүрбек Текебаевдин документтерин кабыл алды, биз 40 миң кол чогулттук. Үчүнчү этап - тест тапшыруу эле. Бирок ага Текебаевди жөнөтпөй жатышат. Бүгүн соттук отурум жактоочу жана айыпталуучулардын катышуусуз өттү. Бул көйгөйгө көңүл бурдуруу үчүн Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана алардын тарапташтарынын ачкачылык жарыялашынан башка жолду көрбөй жатабыз", - деди Асия Сасыкбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.07.2017. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачкачылык жарыялагыла кичине арыктайсынар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: