super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Сулуу кызга үйлөнгүң келсе, анда бетин жуудуруп көр"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сулуу кызга үйлөнгүң келсе, анда бетин жуудуруп көр" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Косметика колдонгон, колдонбогондорду бир карап эле билем. Колдонгондордун көздөрү башкача көрүнөт. Эриндери кызарып же жылтырап помада болуп калат. Беттери өзүнчө эле өңгө келип калса, демек, упа чаптаган. Кирпиктери өтө эле узун болуп, асманга карай кайрылса, демек, жасалма. Көздөрү көгөрүп же айнекке окшосо, демек, линза кийген. Анан да той жана башка кечелерде кээ бир кыздар чач жасалгасы "фарфырайт" жөн эле. Чач да адамга көрк берип коёт, эгер чачын жуугандан кийин жалпайган башын карап көрчү, ошондо да сулуу бекен. Бирок макияж адамды кыйла сулуу көрсөтүп коёт. Макияжга азгырылбоо керек. Мисалы, "Бактылуу айым" берүүсү бар го, жөпжөнөкөй аялдарды "фарфыратып" салат. Демек, көчөдө көрүнгөн кыздын баары эле табигый сулуу эмес".

"Жараткан адамды сулуу эмес кылып жараткан эмес, ар кимдин ар түрдүү өзүнө жараша сулуулугу болот. Ал эми макияж менен макияжсыз көрүнүшкө келсек, ар кимдин жеке чечими, каалоосу. Бул өзүнө карап жүргөн аялдардын дагы бир кыялы десек болот. Макияж кылуунун да өз ченеми, өз орду бар. Анан ашыкча оозун кызартып, көзүн көк менен бастырып боёгондорго сөз жок. Жигиттердин кээ бирине өзүн карап, макияж менен жүргөн айымдар жагат, кээ бирлери табигый сулуулугун жактырат".

"Боёнгон жана боёнбогон эки кызды көрсөңүздөр, көпчүлүгүңүздөрдүн көңүлүңүздөр боёнгон кызга бурулат жана таанышууга аракет кыласыздар, эмнеге? Кайра бетин жуудурам деп да убара болот экенсиздер. Табигый сулуу жүз боёнсо да, боёнбосо да билинип турат. Макияжга алданып калабыз деп коркпоңуздар. Ошончолук эле боёксуз көргүңүздөр келип жатса, жамгырда жолугушууга чакырыңыздар".

Пластикалык операциянын жанында макияж суу кечпей калды го. Анын эмнесин айтып арман кыласыңар эми?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.07.2017. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайран сулуулук.Мне дешти да билбейсин.
Бирде карасан ото сулууланбаган,жонокой кыздар жагымдуу.Сулуу болуп,озун озунон да сулуу эсептеп алгандар жагымсыз болуп калышат.
27.07.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эканын темасы "боп" кетиптирго)
aylin_kg түзөттү 2017-07-27 19:08:08
27.07.2017. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aylin_kg,эка корунбой кеттиви?
28.07.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aylin_kg,ошодаа
27.07.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Күнүгө беш жолу жасаган макияжыңа караганда күнүнө беш жолу даарат алып намаз окуп жүргөн кыздын жүзү нурлуу көрүнөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: