super.kg logo

Италиядагы кургакчылыктан улам Ватикандагы фонтандар өчүрүлдү

 

"Ватиканда кургакчылыктан улам 100гө жакын фонтандар өчүрүлдү. Бул Италиянын тарыхындагы алгачкы кургакчылык", - деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.

"Биз билгенден фонтандарды өчүрүү биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин Римде суу ар дайым жетиштүү болуп келген. Ватикандагы эң кооз бактар мурдагыдай жапжашыл болбой калышы мүмкүн, бирок аларды кууратпайбыз", - деп билдирген Ватикандын расмий өкүлү Грек Берк.

Ватикан мындай чечимди Италиянын айрым аймактарында кургакчылык болот деген эскертүүсүнөн кийин кабыл алган. Эгер Ватикан мындай кадамдарга барбаса, суунун запасы түгөнүп жаткандыгына байланыштуу жарым миллиондой адам суусуз калары айтылган.

БУУнун маалыматына ылайык, суу ресурстарынын жетишсиздиги дүйнө калкынын 40 пайызына таасирин тийгизет. Планетадагы 783 миллион жашоочуга таза суу жеткиликтүү эмес, ХXI кылымдын жарымында суунун туруктуу жетишсиздигинен кыйналган адамдардын саны 4 миллиардга жетет.

"Суу жер жүзүнүн 70 пайызын ээлейт. Бирок анын 3 пайызы гана ичүүгө пайдалануучу суу болсо, анын көп бөлүгү мөңгүлөр", - деп жазылат БУУнун маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.07.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Озумдун сууга мол таза бейиштей Кыргызстанымдан отору жок
27.07.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин Кыргызстаныбыз Гулдун устундо
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-28 09:38:50
28.07.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG.Kushtarbek, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат. Билдирүү түзөтүлдү, мындан кийин өчүрүлөт.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-28 09:39:27
28.07.2017. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Барып барып нефть калып андан да суу кымбат болот деген чын окшойт. Колдо бар алтындын баркы жок да биз озубузду гана эмес коншу олколорду да суу менен камсыз кылып келебиз. Мына биздин байлык туугандар шугур кылалы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: