super.kg logo

Британиялык кинематографисттер Ч.Айтматовдун “Жамиля” повестин кино кылып тартышат

 

Британиялык кинематографисттер улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестинин негизинде көркөм тасма тарта турганы 20-майда белгилүү болду. Айта кетсек, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев британиялык кинематографисттер Кристофер Роуз, Арун Сон жана башкалар менен жолугушту. Маалым болгондой, Улуу Британияда "Жамиля" повестин окугандардын саны көп. Аталган өлкөдөгү The Bookseller журналы “Жамиля” повести эң көп сатылып алынгандыгы тууралуу жазып чыккан. Ал эми тасманы тартуучу аймак катары Мукталы Бектеналиев британиялыктарга Талас облусун сунуштады. Анткени “Жамиля” тууралуу окуя ошол жерде баяндалат. Британиялыктар анын сунушун кабыл алып, тасма тартууга кетчү каражаттын бир бөлүгү учурда бар экенин, экинчи бөлүгүн кыргыз тараптын каржылап беришин суранышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: