super.kg logo

Өмүрбек Текебаев сотко: "Мени "мыйзамдын атасы" дейт. Алдай албайсыңар"

 

Бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда Текебаев өзүнүн 3 жактоочусу тең ооруп калганын айтып, отурумду башка күнгө жылдырууну сурады. Бирок ага сот макул болбой, нөөмөттөгү жактоочунун катышуусунда ишти улантууну чечти. Ошол учурда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик келип чыкты.

Өмүрбек Текебаев: – Мени мыйзамдын атасы деп коёт. Айылдан келген бир баланы ушинтип алдасаңар болот. 45-берененин 4-бөлүмүндө "сот жактоочуну өзү каалап дайындайт" деген жери жок. Кыргыз Республикасынын Конституциясында адамдарга мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам качан берилиши керек экенин мен жазгам. Окуп, кичине уялып койсоңор боло. Кайсы жеринде "сот дайындайт" деп турат. 45-беренени мага окуп берчи?

Айбек Эрнис уулу: – Мен сизге ар бир беренени окуп берүүгө милдеттүү эмесмин.

Ө: – Чечимди окуңуз, 45-берененин 4-бөлүмү мына мен окуп берейин.

А: – Кереги жок отуруңуз!

Ө: – Анан кантип эми бул адвокат мени коргойт. "Түнкү саат 11ге чейин иш менен тааныштым" дейт. Мени менен жолукпаса, кеңешпесе...

А: – Текебаев, отуруңуз!

Ө: – Мен бул адвокат менен иштебейм. Бул менин Конституциялык укугум. Адвокатты мага эч ким өзүмдүн адвокатымдай таап бере албайт.

А: – Отуруңуз!

Ө: – Менин жактоочуларым келмейинче сот өтпөөсү керек.

А: – Эгерде менин чечимиме макул болбосоңуз, Жогорку Сотко даттанууга укугуңуз бар.

Ө: – Качан берем?

А: – Соттук иштин аягында бересиз.

Ө: – Иштин аягында мен Сотторду тандоо кеңешине барып мандатыңды алам.

А: – Менде мандат жок.

Ө: – Кызматыңды алам, өзүңдү жоопко тартам.

А: – Сиздин укугуңуз, мен эч нерсе дей албайм.

Ө: – Отуруп алып "өзүм билем" дегендерди көргөм мен.

А: – Отуруңуз!

Ө: – Отурбайм!

А: – Текебаев, отуруңуз!

Ө: – Отурбайм, бул мыйзамсыз.

А: – Эгерде сот залында...

Ө: – Эмне кыласың, 2 жыл кошуп коёсуңбу? 15 жылдан ашыра албайсың. Эмне кыласың, 16 жыл кылып коёсуңбу?

А: – Текебаев, сотту укпасаңыз сот залынан чыгарып коём!

Ө: – Чыгарып кой, өткөрө бер!

Сот Айбек Эрнис уулу конвойлорго Текебаевди залдан чыгарып коюуну айтты.

Текебаев "Өткөрө бергиле, Дүйшөнкул да чыгат" деп залдан конвойлордун коштоосунда чыгып кетти.

Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев менен сот Айбек Эрнис уулу 12-июлдагы соттук отурумда да кайым айтышып кетишкен.






Текебаев сотко нааразы болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
27.07.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сотттор мойнунан жетелеген иттерден да томон болуп кеттинерго.
27.07.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Текебаев азамат темир тордун аркасында туруп да укугун коргоп атат. Сот Эрнис уулу креслодо отуруп сот залын башкарып атып да өз укугун билбей кожоюнунун көзүн караган ахотаха ээрчитилген иттей болуп жүрөт. Прокрор эмне десе ошону кылып.
27.07.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Урматтуу сот жана бийлик эл билип, коруп эле турат мыйзамсыз иштеп атканынарды жана максатынарды. Уялбайсынарбы, же АША озу айткандай бир жерлерин кысып иштешпесе жаман болот. Кудай колдойт Омурбек.
27.07.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Текебаевдей болуп, ар ким озунун укугун коргосо соттор онолот беле.
27.07.2017. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат ушул Текебаев. Ушул кишидей оз укугун коргогон,сотко тике карап укугун талашкан киши аз элего элибизде.Мыйзамсыз иштеген сотторду Аллахым озу жазаласын. Ак ийилет бирок сынбайт.
27.07.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
текебаевди бийлик тараптан кысып жатышат ептеп шайлоого катыштырбас учун.текебаев чыгат коросунор.егер атамбаев озунун адамын президентке олтургузалбаса анда олду дейбергиле текеден сузуло берип олот.
28.07.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соттор келечегинерди ойлосонор боло.Силер да камаласынар бир кун ак иштебесенер.
28.07.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соттой албагандан кийин эмнеге эле сотун узартып жатасынар
28.07.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш сот шефтин буйругун аткарам дем журуп, шеф кткенде Текебаев моюнунду бурап салаар бекен. Арына ченеп эле иш кылсанчы омур бою сот болуп турчудай кердендебей.
28.07.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевди эн туура кылып камап жатышат. Убагында коллегаларын, ЖКнын депутаттарын Аида С. Камап жалган жалаа жаап жатканда Текебаев унчукпай отурган. Эми ууру түрмөдө отурушу керек. Ушул соттук процесс жөн эле жерден чыккан жок. Соттолуучулардын күнөөсү бар да
28.07.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Соттор азаматсыңар
28.07.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
конституция жоголуп кетти элего .
анан же текебаев камалбады же ушул сот кетпеди.
атамбаев дагы отпускага чыгыптыр. 3айда бир конференция откоруп коет. атамбаевда уйат деген барбы? дем алыш ала береби.
кароч мне лично пофиг у меня ест работа. просто калган Кыргызстандык карапайым элди коруп борун ачыйт. Бир онолотурган капатаси жок.
Анан оштун аеропортундагылар айбансынар . аны себебин кийинкиде айтып берем
28.07.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теке жаман озун герой сезип алганбы атасымын деп..
28.07.2017. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
legion-arbat,Текебаев атасы туура Текебаев Крдин конституциясынын 80%жазат анан Ким атасымын деп талашат?
29.07.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бийлик азыркы кундөрүн ойлоп жатат. Кийин өкүнүп калуулары мумкун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: