Бишкекте улутчулдукка айыпталып жаткан тургун беш жарым жылга шарттуу эркинен ажыратылды
Бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда улутчулдукка айыпталып жаткан Мирлан Ирсалиевдин иши боюнча сот болду. Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу Ирсалиев жабырлануучу Егор Борисовдон кечирим сурап, ал бардык улуттун адамдарын сыйлай турганын айтты. Ошону менен бирге соттон адилет чечим чыгарууну өтүндү.
Сот Бекболсун Жунушалиев айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, аны беш жарым жылга шарттуу эркинен ажыратты. Ошондой эле бир жыл сыноо мөөнөтү чектелди.
Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 29-июнунда болгон. Анда жол кырсыгынан улам Бишкек шаарынын тургуну Мирлан Ирсалиев менен Егорь Борисовдун ортосунда түшүнбөстүк чыккан. Окуядан соң Борисов "Кыргызча сүйлө, болбосо Орусияга көчүп кеткиле" деди" деп Ирсалиевди сотко берген.


[moderated]лер да кайра из тилинде жанылыктарды алып барып калган башка бир мамлекетте да кыргыз тилинде жанылыктарды уккан емнсмин ошого да шугур кылышпайт бети жоктор Бийликтегилер законду жакшы иштетишсе болмок оздорун чонтокторун ойлошот
Чындык деген нерсе асынып өлгөнүнө көп жылдын жүзү болгон Кыргызда.
Шор бешенелуу кыргыз өз жеринде ээн эркин суйлой албаса быягын айтыштын кереги жок
Анда КЫРГЫЗ ТИЛИНИН өлгөнү ошол эмеспи өлгөнү