super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-ИЮЛЬ: Бүткүл дүйнөлүк гепатит менен күрөшүү күнү

 

Бүгүн, 28-июль - Бүткүл дүйнөлүк гепатит менен күрөшүү күнү. Бул дата "Нобель" сыйлыгынын лауреаты, гепатит B вирусун ачкан америкалык дарыгер Барух Самюэль Блумбергдин туулган күнүнө байланыштуу тандалып алынган. Сарык оорусу менен күрөшүү күнү алгачкы жолу 2008-жылы Гепатит менен күрөшүү боюнча эл аралык альянстын демилгеси менен белгиленген. Ал эми 2011-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ага расмий статус ыйгарган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул күнү дарыгерлерди элдерге вирустук гепатит, ал чакырган оорулар жөнүндө маалымат берүүгө чакырат. Маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүнүн ар бир үчүнчү жашоочусу гепатит дартын жуктуруп алган. Гепатит - боордун тканынын сезгенүүсү. Е гепатити кош бойлуу аялдардын 20 пайызынын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Ал эми анын өтүшүп кетүүсү боордун циррозу жана рак илдеттерине алып келет.

Адистердин айтымында, бул дарттан сактануунун эки жолу бар. Биринчиден, кан куюп жатканда, жыныстык катнаш учурунда гигиенаны сактап, А жана Е вирустарын жуктуруп алуудан качса болот. Мындан сырткары эмдөө жасатуу А жана В вирустарынан сактайт.

28-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.07.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин апамда гепатит цирроз печен оорусу менен ооруп жатат.Кантип айыктырса болот маалыматы барлар жазып коюнуздарчы сураныч?
28.07.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bakyi, саламатсызбы? Бул шилтемелер аркылуу кирип окуп көрүңүз.
https://www.super.kg/article/show/1637
https://www.super.kg/article/show/36889
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-28 11:39:56
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: