super.kg logo

Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийн Баттулга Ысык-Көлгө келиши мүмкүн

 

Монголиянын жаңы шайланган президенти Халтмаагийн Баттулга Ысык-Көлгө келүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Монголиянын басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, 25-июнь күнү Баттулга Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Улан Жусуповду кабыл алган. Ал Монгол президентине Алмазбек Атамбаевдин анын президенттик шайлоодо утуп чыгуусу менен куттуктаган катын берген.

Мындан сырткары Халтмаагийн Баттулганы Жусупов 2017-жылдын август айында Ысык-Көлдө өтүүчү ак илбирстерди коргоо боюнча глобалдык саммитке катышууга чакырган.

Ошондой эле аталган жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну жакшыртуу жана эки жакка тең атайын дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу тууралуу сүйлөшүшкөнү тууралуу айтылат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 7-июлунда Монголияда президенттик шайлоо өтүп, анда оппозиция өкүлү Баттулга жеңишке жеткен. Шайлангандан 1 апта өткөндөн кийин ал президент үчүн каралган резиденцияда жашоодон баш тартып, үйүнөн 400 метр алыстыкта жайгашкан жумушуна жөө барып келүүнү чечкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
28.07.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай мыкты, спортсмен президент деп уккам. Кош келипсиз
28.07.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubinis,Эми келиши мумкун деп жатпайбы
28.07.2017. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Келип Алешту аңтара чапсынчы . Тажадык Алештон
28.07.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
tulpar90,Кудайга шугур деп жашаганды да билуу керек тажагыдай эмне кылды сага
28.07.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Maks_shop,Туура айтасын,сен озун эмне иш кылдын эл учун деп суроо берип корсун.
28.07.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Maks_shop,антара чапса жакшы болот эле Алешаны
28.07.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат экен бизге да ушундай жонокой талапты кое билген президент керек, резиденциядан баш тартып жумушка жоо барып келгени жакшы экен, биздикилер болсо президентти гой бер жагындагылар гаилердин коштоосунда журушот, кунуго алар келип кеткенде жолдун баары жабылып, алар учун ачык.Жоо барып келгенди гой коштоосуз эле барып келип, пробкага кабылып аларда шаардын койгойун коруп ошону чечишке аракет кылыш керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: