super.kg logo

Кытайлык белгисиз адам Американын кайрымдуулук фондуна 18 миллиард доллар акчаны өткөрүп берди

 

Кытайлык киши Американын кайрымдуулук фондуна 18 миллиард доллар акчасын өткөрүп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Кытайда HNA Group деген дүйнөдөгү эң ири 500 компаниянын катарына кирген компания бар. Анын башкаруусу алдында логистикалык компаниялар, банктар, мейманканалар иш жүргүзүп келет. 2016-жылы ал Американын экономикасына ири чет элдик инвестор болуп берген. Бул компаниянын ээси ким экени түшүнүксүз. Компаниянын каражаттарынын 23 пайызы кытайлык кайрымдуулук фонддорунун бирине тиешелүү. Ал эми 29 пайызы Америкада жайгашкан кайрымдуулук фондуна өткөрүлүп берилери июль айынын аягында белгилүү болгон. Бул активдерди АКШга компаниянын номиналдык ээси Гуань Цзюнь өткөрүп берет. Бул адам тууралуу эч кандай маалымат жок, бирок жашы 30 менен 40тын ортосунда экени белгилүү. Айрым маалыматтарга караганда, ал жөнөкөй, эски үйдө жашайт.

"HNA Group`тун аткаруучу директору Адам Тан The Financial Times басылмасына берген интервьюсунда Цзюндун буга чейин мынчалык көп акчага ээ болгон эместигин, ал өз үлүшүн компания үчүн гана кармап келгенин айткан. Ал эми "The New York Times" басылмасы бул белгисиз адам кайрымдуулукка которгон 18 миллиард доллар 2016-жылы бардык америкалык корпорациялар биригип кайрымдуулукка жумшаган каражатка барабар экендигин жазган. HNA Group эмне себептен мындай чоң үлүшүн кайрымдуулукка берүүнү чечкени белгисиз", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
28.07.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Озунун кытайына бербейби
28.07.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кошуна өлкөсү Кыргызстанга которуп койбойт беле чооң соопко калат эле. Тышкы карызыбызды жаап калганы менен экономикабызды көтөрүп алат элек.
28.07.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
jigit.paren,ошентсе жакшы болмок,аны талашабыз.деп жарым чиновник кырылмак,аз.да.болсо женилдеп калмакпыз.
30.07.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jigit.paren,Ал акча баарибир элге тиймек эмес,атка минерлер бекер акча деп чонтогу айрылганча тыгышмак...
28.07.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пай пай пай юиздин 4 5жылдык бюджетибизго бизге берсе го ушул акчаны 5 жыл алдыга кетмекпиз 1000деген завод фабрика жол гестердагы бутмок.
28.07.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мм болбогон соз
28.07.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мындай жанылыктарды окусан. Иштегинда келбей калат экен.
28.07.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге которуп койсо /карыздардан кутулуп охооо жыргамак экенбиз
28.07.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Muslim_KGstana.,Биз эмес 7-кабаттагылар жыргашат эле
28.07.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайда жашаса атууга кетет го байкуш
30.07.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылык кылсан ушундай кыл,аты-жонун белгисиз дептир да... Молодец экен бирок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: