super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун соту: "Айыпталуучулар сот залынан чыгарылып, отурум алардын катышуусуз уланууда"

 

Бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова сот тарабынан сунушталган жактоочу Элмира Чоноеванын акысыз адвокаттык кызмат көрсөткөндөрдүн катарында жок экенин айтып, аны отурумдан четтетүү өтүнүчүн келтирди.

Ал эми Текебаев Чоноеванын кызматынан баш тартып, жактоочусунун өтүнүчүн колдоду. Сот тараптардын пикирин уккан соң өтүнүчтү канааттандырды.

Андан соң Өмүрбек Текебаев ден соолугуна байланыштуу өзүнө келип алуу үчүн эки күн убакыт сурады. Бирок сот ага макул болгон жок. Мындан улам Текебаев менен Чотонов сотко ишенбөөчүлүк көргөзүштү.

"Биз жактоочулар менен 15 жолу сизге ишенбөөчүлүк көргөздүк. Баары канааттандыруусуз келе жатат. Мен бул сот адилеттүү болушуна ишенбейм. Ошондуктан сизге дагы бир жолу ишенбөөчүлүк жарыялайм", - деди Текебаев.
Сот өтүнүчтү кабыл албай турганын айтып, сот залында тартипти сактоону сурады. Текебаев сотко мыйзамды сактоону талап кылгандан кийин сот айыпталуучуну сот залынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алды. Текебаев залдан чыгарылган соң Чотонов "сиз мени соттогонго моралдык укугуңуз жок. Ошондуктан мен да сизге ишенбөөчүлүк жарыялайм" деди. Сот бул өтүнүч каралбай турганын айткан соң Чотонов да отурумга катышуудан баш тартты.
Учурда сот айыпталуучулар жок уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
28.07.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул саясый буйрук экени айкын корулуп турбайбы? Текебаев мародер, паракор болгон чакта да, жок дегенде сот отурумунда бираз закон ченеминде иш алып барышса калк арасында 0,1% ишеним пайда болмок ошол бийлик, мыйзам окулдоруно.
28.07.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Моюнуна коё албай атышат.Акча бердим бергенин кордум дегендери дагы создору эки ача чыгып атат.Жалган жалаа жапканы учун аларды соттош керекго озу
28.07.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне болот
28.07.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бийлик апенди го.... Баягыда сотко Текебаев катышпай эле, сот Текебаевди куноолуу таап, Атамбаевдин завхозу Албек Ибраимовко миллион толоп берууго милдеттендирген окум чыгарган эле.... Бул жолу да ошол сценарий кайталанууда....


Апендичилик.....
28.07.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Соттор накта Атамбаевтин буйругун аткарып жатышканын билинип турат.Ошону учун Атамбаевке каршы импичмент жарыялап кол топтойлук.Кээ биринер айтышынар мункун Атамбаев уч айдан кийин кетсе импичментин эмне кереги бар деп.Кудай сактасын эгерде кокусунан Жээнбеков бут администоативдик
ресурстарын колдонуп президент б-п калса анда Атамбаев жанагы Кой-Таштагы хан сарайынан олтуруп эле олкобузду башкарып калат.Ошону учун патриотмун дегендер ойлонгула.
KGstan1981 түзөттү 2017-07-28 13:04:18
28.07.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KGstan1981,ойгондук кантебиз еми колдойбуз сени
28.07.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KGstan1981,Ооба,Сооронбаев президент болсо Атамбаев президент боюнча калды дегендей эле болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: