super.kg logo

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын сотунда күбө "Провокация уюштурган спорттук дене түзүлүштөгү балдар жүргөн" деп көрсөтмө берди

 

Бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде "баш аламандык уюштурган" деп айыпталып кармалган жарандардын иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө күбө катары Бактыгүл Жумакадырова суралып, соттолуучуларды тааныбай турганын айтты.

"Мен соттолуучуларды тааныбайм. Садыр Жапаров менен социалдык тармактардан таанышмын. Ал өлкөгө келгенде мен да баргам. Эл менен кошо УКМКнын жанына бардык. Ал жерге баргандар "Жапаровго боштондук!" деп кыйкырып жатышты. Эл менен милициянын ортосунда пикир келишпестик болгон жок. Бир убакта спорттук дене түзүлүштөгү балдар пайда болду. Алар мени жөөлөп кетишти. Арасынан бирөөсү "үйдө эле тамак жасап отура бербейсиңби" деп кекетишти. Бир учурда милициялар дубинка менен уруп жатты. Арасынан Казиев деген баланы милициялар бетке тээп жиберишти. Бир учурда Чыңгыз Кожогелдиев автобустун айнегинен башын чыгарып "балдарды милиция кызматкерлери уруп жатат. Эмне турасыңар?!" деп кыйкырып жатыптыр. Бул жерде атайын провокация уюштурган топ бар болчу", - деп билдирди күбө Жумакадырова.

Ал эми экинчи күбө Рахатбек Эсенов айыпталып жаткандардын арасынан Сабыр Жапаровду тааный турганын билдирди.

"Мен соттолуучулардын арасынан Сабыр Жапаровду жана алардын туугандарын тааныйм. Анткени мен Садыр Жапаров менен иштешкем. Митингден кийин Сабыр Жапаров экөөбүз Биринчи Май РИИБине бардык. Бир убакта артыбыздан күч түзүмүндө иштейбиз деп жарандык кийимчен 4 бала алып кетишти. Андан соң мени "сен тизмеде жок экенсиң" деп чыгарып жиберишти. Ага чейин биз кармалып турганда милициянын жетекчилеринин бири кармалып тургандардын арасынан Жапаровдун туугандарын алып чыгып кеткен болчу", - деди Эсенов.

Кийинки соттук отурум 31-июлга белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.07.2017. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызстанга Путин келгенде Атамбаев жан сакчыларына жуз грамдан уруп албайсынарбы дегендей.Ошол митингте дагын Атамбаевтин жан сакчысы азыркы ИИМдин министри болгон озунун граждандык кийим кийген кызматкерлерине жуз грамдан берип провакация уюштургула деп буйрук берген.Ошону учун Атамбаевти о.э анын шопурун,жан сакчысын(азыркы ИИМ башчысын),УКМКнын башчысын,кара жашик КТРКнын башчысын, сотторду баарын Аллахым озу жазасын берсин оомийн!
KGstan1981 түзөттү 2017-07-28 13:16:27
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: