super.kg logo

Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган Сабыр Жапаров: "Инимди сындырыш үчүн жалаң туугандарыбызды тизме менен кармашты"

 

Бүгүн, 28-июлда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын сотунда айыпталуучу Сабыр Жапаров көрсөтмө берди. Ал Садыр Жапаровду тосуп алуу үчүн барып, саясий курмандыкка кабылганын айтты.

"Ал күнү бир тууганыбызды тосуп алуу үчүн барганбыз. Алгач Горький эс алуу жайына чогулганбыз. Ал жерден милиция кызматкерлери "бул жерде эмне турасыңар, Жапаровду УКМКга алып кетишти. Ошол жакка баргыла!" дешти. Андан соң "эгер барсаңар биздин артыбыздан тартип бузбай баскыла" дешти. Эл ага макул болуп УКМКнын алдына бардык. Мен кийин билдим эмне үчүн милиция кызматкерлери УКМКнын алдына элди алып барганын. Көрсө, буга чейин эле сүйлөшүү болуп, провокация уюштуруп Садырды, анын тарапташтарын, тууган-уругун камап салуу планы болгон экен. Ал күнү мен жана менин бир туугандарым ызы-чууга катышкан эмеспиз. Ал тургай митинг уюштурабыз деген ой да жок болчу. Бул күнү биз саясаттын курмандыгы болдук. Садыр Жапаровду сындырыш үчүн жалаң туугандарыбызды тизме менен кармашты. Дагы бир иним Давлет Жапаровду митингге барбаса дагы кармап, түнкү экиге чейин алып отурушуптур. Учурда башка туугандарымды да издеп жатышат", - деп билдирди Сабыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.07.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акмак бийликтин акмак соттору
29.07.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: