super.kg logo

Буга чейин дайыны белгисиз болуп жаткан Гүлнора Каримова акыркы 2 жылдан бери камакта экендиги ачыкка чыкты

 

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнора Каримовага Кылмыш кодексинин 6 беренеси менен айып тагылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын маалыматына таянып "РИА Новости" маалымат агенттиги жазууда.

Ал эми Өзбекстандын жергиликтүү Gazeta.uz маалымат каражаты мурунку мамлекет башчысынын кызына алдамчылык, чет элдик акча валюталарын жашыруу, бажы мыйзамдарын бузуу, соода эрежелерин бузуу, жасалма документтерди даярдоо жана кылмыш жолу менен табылган кирешени легалдаштыруу беренелери менен айыпталганын жазган.

"Тергөө-иликтөө иштери көрсөткөндөй, Гүлнора Каримова чет өлкөлөрдө 1,4 миллиард доллар, 63,5 миллион евро, 27 миллион фунт стерлинг жана 18,5 миллион Швейцария франкын каткан кылмыштуу топко кирген. Кылмыштуу топ акча каражатын Улуу Британия, Франция, Германия, Швейцария, Орусия жана Латвияга каткан. Өзбекстандын прокуратурасы кылмыштуу топтун каржылык активдерин камоо боюнча аталган өлкөлөргө кайрылуу жасаган", - деп жазылат чет элдик маалымат булактарында.

2013-жылы Каримовага карата салык төлөөдөн баш тартуу, кылмыштуу топко кирүү, опузалап талап кылуу менен акча каражатына, мүлк объекттерине ээ болуу, документтерди жок кылуу жана катуу фактылары менен кылмыш иши козголгон.

“Каримованын күнөөсү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Н.Содиков, Р.Мадумаров, Ш.Сабировдун жана башка күбө, жабырлануучулардын көрсөтмөсү менен ачыкталды. Бул фактылар боюнча 45 чарбакер субъект, 16 оффшордук компания, жазуу түрүндөгү жана заттык далилдер текшерилип, экспертизалардын жыйынтыгы анын күнөөлүү экенин далилдеди”, - деп билдирген Өзбекстандын башкы прокуратурасы.

2015-жылы Каримовага уурдоо жана алдоо айыптары менен 5 жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылган.

Гүлнора Каримова Ислам Каримовдун улуу кызы. 1972-жылы 8-июлда Фергана өрөөнүндө төрөлгөн. 1994-жылы Ташкент мамлекеттик эл аралык экономика бөлүмүндө окуган. Ал эми 2000-жылы Америкадагы Гарвард университетинен магистр илимий даражасын алган. Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор. 1995-жылдан баштап Өзбекстандын тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп иштеген. Андан сырткары Өзбекстандын Америкадагы, Орусиядагы, Швейцариядагы жана Испаниядагы элчиси кызматтарын аркалаган.

1991-жылы этникалык өзбек, Американын жараны Мансур Максудиге турмушка чыгып, 2 балалуу болушкан. 10 жылга созулган никеден кийин Каримова менен Максуди ажырашуу чечимин кабыл алышып, соттук иши 2 жылга созулуп, экөөнүн чатагы эл аралык деңгээлге чыккан.
Гүлнора Каримова Googoosha деген лакап ат менен эстрада ырчысы катары дагы таанымал.

2003-жылы Ислам Каримов кызы Гүлнора Каримованы мураскер кыла турган ниетин билдирген. Ошол эле учурда Өзбекстандын атайын кызматы Ислам Каримовго мураскердин мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө жана анын мусулман аялдарына тескери келген жүрүм-туруму тууралуу маалымат беришкенден кийин Гүлнора Каримова үй камагына алынган. Ошондон көп өтпөй Каримованын дайыны белгисиз болуп жаткан. Айрым маалымат булактары аны "өлдү" деген маалымат тараткан. Бул билдирүүгө көпчүлүк Ислам Каримовду жерге берүү зыйнатына келбегенде ишенген. Бирок көп өтпөй Гүлнора Каримованын атасына арнап жазган ыры чыгып, коомчулукка жарыяланган. Айрымдар чыгарма Ислам Каримов каза болгонго чейин жаралган деп айтышкан.

Эскерте кетсек, Өзбекстанды 1991-жылдан тартып башкарган Ислам Каримов 2016-жылдын 2-сентябрь күнү көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
28.07.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Уйронгуло урматтуу соттор кандай иштешти бироонун буйругун аткарбай
28.07.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Приздентин кызы дебей камаштыго чиркинай бизде чондордун балдары закон буза согуш жарыялат болду ошо мн иш токтойт
28.07.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Каримов 2015 жылы тируу болчу да озунун кызын коргобоптур да молодец Узбектер
28.07.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Каримов озу камаган. Чектен чыкты бул кыз деп.
28.07.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аябай сулуу кыз экен,акылы кыскалык кылыптыр,дөөлөттү да көтөргөн көтөрөт экен да.
28.07.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ох ох охго кыз
28.07.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alixan-Nookat.2015, Акчасына көөп ошентип жүргөн да. Түрмөдөгү сүрөтүн көрбөйсүзбү бир байкуш го.
asi.gulum түзөттү 2017-07-28 20:43:23
28.07.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кийингенин кара кийимчен дыланач! Аллахтын бергенине шугур келтирбей Аллахтын окумуно каршы иштерди кылды, Алланын мусулманга берген динин кармабай сыйлабады. Озунун акчасына байлык бийлигине ишенип, акылына ишенди. Аягында Аллах анын даражасын кандай кылып тушурду, ниже плинтуса болуп калды. Бул баарыбызга сабак туугандар. Айрыкча ушуга окшоп акчасы коп, Алланын бизге берген таза Ислам динине каршы болгондорго чон сабак!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: