Өкмөт: "Liglass Trading CZ" компаниясы кепилдик акыны төлөп берген"




Чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясы тендер үчүн кепилдик акыны төлөп берген. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Өнөр жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
"Liglass Trading CZ" компаниясы кепилдик акыны төлөгөн, аны тастыктаган документ, республикалык бюджеттин депозиттик каражаттарынын эсебинен алынган көчүрмө бар. Каржы министрлиги тарабынан берилген бул документ кепилдик акынын төлөнгөнүн ырастайт. Тендерге катышуу үчүн кепилдик акыны төлөбөгөн деген маалымат чындыкка дал келбейт. Компания 1 миллион 147 миң 719 доллар өлчөмүндөгү кепилдик акыны жана тендерге катышуу үчүн чогултулчу 2 миллион сомду да төлөгөн", - деп айтылат аталган комитеттин маалыматында.
Чакан ГЭСтерди курууга өткөрүлгөн тендердин шарттарына ылайык, катышуучу-компаниялар кепилдик акыны төлөп, төлөнгөндүгүн тастыктаган документти бериши зарыл. Кепилдик төлөм тендерге катышуудагы милдеттүү шарт болуп эсептелип, аны тендердин бардык катышуучулары комитеттин депозиттик эсебине которушат.
Эске салсак, ушул жылдын 10-июлунда Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, дагы 10 чакан ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен чех компаниясынын ортосундагы келишимге кол коюлган. Көп өтпөй чехиялык ЖМКлар "Liglass Trading CZ" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу.
