super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө жасалган самындар экспортко чыгуу алдында турат

 

Тазалык – ден соолуктун негизи, дал ушул себептүү гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Ал үчүн эң биринчи кезекте самын жардам берет эмеспи. “Dordoi Chemicals” ишканасы учурда ата мекендик самын жана тазалоочу каражаттарын чыгарып, Кыргыз жергесин гана эмес, жакынкы чет өлкөлөрдү камсыздап, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошуу аракетинде.

Ишкананын жетекчиси Руслан Шаршенбай уулу бул ишкерчиликти самын ар бир адамдын жашоо-тиричилигинде колдонулчу эң керектүү каражат болгондуктан баштаганын айтат:

“Алгач бул идеяны бизге түркиялык өнөктөштөрүбүз сунушташкан. Мындан улам рынокту изилдеп чыктык, самынга биздин базарларда талап жогору. Өлкө боюнча бир гана завод самын чыгарат экен. Ошондой эле тамак-аштай бузулуп кетпей, 3 жылга чейин тура берет. Учурда кир самындын 3 түрүн, атыр самындын 6-7 түрүн жасап жатабыз. Кыргыз рыногу аздык кылгандан, экспорт үчүн да чыгарып жатканыбызга байланыштуу аталышын скандинавиялык кыздын ысымынан “Flavia” деп атадык”.

Ишкананын күнүнө 10 тонна самын чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар, азырынча суроо аз болгондуктан, күнүнө 2 тоннадай чыгарылууда. Руслан Шаршенбай уулу өндүрүштүн көлөмү келечекте талаптарга ылайык көбөйөрүн айтат. Самындар өлкөнүн 7 облусуна жеткирилип, коңшу Казакстанга да алгачкы ирет экспорттолду. “Flavia” самындары мал жана өсүмдүк майларынан жасалат.

“Кир самын малдын, ал эми атыр самын Индонезия, Малайзиянын пальма дарактарынын майларынан жасалат. Малдын майын бул жактан эле чогултуп алабыз. Өсүмдүк майын ай сайын 300-400 тонналап сатып алып жатабыз. Ошондой эле ага кадимки туз, боёк, жыттуу заттар кошулат. Кошулмалар анын сапатын жогорулатат. Ал эми самындар түркиялык жана италиялык технологиялар менен чыгарылууда. Алар -14 градуста жасалганы менен, учурдагы аптаптуу ысыкта өз формасын же сапатын жоготуп койбойт. Бул технологияларын өзүм жеринен барып окуп, таанышып келгем. Станоктордун жарымы Италиядан, жарымы Түркиядан алынып келинген. Баштаганыбызга 1,5 ай болду. Келечекте бет жуучу каражаттарын, шампундарын, ошондой эле унаа, айнек, идиш-аяк жуучу каражаттарын да чыгарууну пландап жатабыз”, - деп кошумчалады ишкер. Атаандаштык чоң болуп турган кезде биринчи кезекте сапатты жогорулатуу зарыл экенин айтып, алгачкы продукцияны биринчиден жакындары колдонгонун, алардан жакшы пикирлер айтылганынан кийин рынокко чыгарылганын билдирди ал.

Жаштардын көбү чет өлкөгө агылып жаткан кезде, өз мекенинде ишкердик менен алектенип бутуна тургандарды көрүп кубанбай койбойбуз. Руслан Шаршенбай уулу жеке ишти баштоо үчүн максатты коюп, анын аткарылышына бүт аракетти жумшоо керектигин айтат:

“Мен Кипрда окуп жүрдүм, 2008-жылы мекениме кайттым. Ал жакта калып калуу оюм деле жок болчу. Жеке ишти баштоо үчүн максатты койгон соң жарым жолдон таштап койбой, болгон аракетти жумшап, эмгектенүү керек. Оор болот, жеңил болот, бирок эмгек өзүн убагы келгенде актайт. Бирөөнүн кол алдына барып иштөөдөн мурун, ишкердик менен алектенүү зарыл. Колдон келбесе гана бирөөнүн кол алдында иштөөгө туура келет”.


кошулду





Кыргыз жергесинде заманбап технология менен Flavia самындары жасалууда

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(32)
28.07.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ишинерге ийгилик
28.07.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бирок Кыргызстанда чыгарылгандыктан кыргызча деле атап койсо жакшы болмок. Кантсе да ийгилик ишкерге!!!
29.07.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tular, тышкы рынок латын тилди сүйөт.
28.07.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматтар жаштарыбыз аз да болсо иш менен камсыз болушат онугуп оссун элибизде силерге окшогон ишкерлер кобойсун
SUPER.KG видео
28.07.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алга АтаМекендик өндүрүш!!!
28.07.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооо сонунго жакшы жанылык болду,ийгилик!!!
28.07.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы экен мындай ачылыштар коп болуп онуго берсек экен
28.07.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Молодцы бийликти жамандагандан коро ушуга окшогон ишке аракет кылсак тез эле бутка туруп кетебиз .мисалы армения ош облусундай эле территориясы ыссык колго окшогон кол же алтын кендери деле жок элдери мамлекетке коз карандысыз москваныле алсак кафе ресторандардын жарымы эле армияндардыкы
29.07.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызча эле ат койбопсунар. Сапаты жакшы болсо атына карабай ала беришмек. Ийгилик
29.07.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишинерге ийгилик
29.07.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай кабарларды уксак аз дагы болсо журок жылыйт.Ишинерге ийгилик!!!
29.07.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баасын да жаза кетбепсинер да.
29.07.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
))))))эч ким албай коюп,ит болбосонор эле болгону)))))
29.07.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kanatbekabytovich82,оюң жаман экен мисалы мен кыргызстанда жасалгандыгы үчүн да алып иштетем к.р.чыгарылган кийимдер россия казакстанга экс жатат го
29.07.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Kulatov,
А мен сапатына карап алам!!!
Ушунунардан да биринер эки болбой итке минге кейпинерде журосунор))))
29.07.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kanatbekabytovich82,кыргызстанда өзбекстанга кытайга караганда сапатуу чыгарат ошол үчүн айтып атам сени менин бирим эки болбой жүргөнүн каятан билеси же көзүң ачыкпы?
29.07.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
kanatbekabytovich82,сен эмне атка минер болуп журосунбу. Атка минер болсон бул жерде тантырап элди кемсинтип жазбайт элен да. Сапатына карап зат алсан сапатуу жазып уйрон.
29.07.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи жолу жакшы жанылык
29.07.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ишинерге ийгилик биз да кол кап чыгара турган бизнес ачып атабыз жакында кудай буйруса
29.07.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар!жакшы жанылык экен,дагыда онуго бериниздер.
29.07.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн жакшы жанылык канча адам иш мн камсыз болуп атат ананда озубуздун ата мекендик самындан колдонолу ырахаттанып кудай буйурсасатып алам
29.07.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылык
29.07.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
админ адресин же номерин жазып койгулачы кантип байланышсак болот самындарын сатып алалы жардам болот кундо
31.07.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
talant87, Бишкектин базарларына чыккан.

31.07.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant87, саламатсызбы? 0707757012 Руслан "Дордой Кемикалс".
29.07.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң сонун кабар экен. Эми өзүбүздүн самындарды колдонуп өз ишкерлерибизди колдойлу. Баасы 23 сом деп окугам фейсбуктан. Колдонгондор сактап жатышат , экологиялык таза өзүбүздүн продукт.
SUPER.KG видео
30.07.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге Flavia?, Кыргызстандан чыгып атса. Кыргызча эле атаса, албай коюшабы.
Медиа-портал
31.07.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата мекендик ондурушту колго алып, мамлекет учун пайдалуу иш кылган мыкты жигит экен. Азаматсыз. Эмне болуптур аты кыргызча чыкпай койсо. Дуйнонун бир коз менен эмес, эки коз менен караш керек.
31.07.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар, осуп онуго бергиле!!!!
SUPER.KG видео
31.07.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!
31.07.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы эн сонун жанылык ишинерге ийгилик огуго бергиле мынд
SUPER.KG видео
02.08.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми бизда колдоп ушул самындарды алышыбыз керек, бул да болсо мекенге болгон салымыбыз кичине болсо дагы. Ишиниздерге ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: