super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-ИЮЛЬ: “Тоңуп калган гүл” тасмасы аркылуу дуу болгон Чо Ин Сон 36 жашка чыкты

 
"Тоңуп калган гүл" тасмасынан
"Классика" фильминен
"Ушул кышта шамал согот" сериалында Сон Хе Гё менен баш каармандардын бирин ойногон
"Баары жакшы, бул сүйүү" сериалында психологиялык оору менен жабыркаган жазуучуну аткарган
Ким Мин Хи
"Падыша" тасмасынан
Чо Ин Сон актёрлукка келгенге чейин модель болуп иштеген

Түштүк Кореянын “фишкасы” болгон сериалдар менен катар фильмдерге тартылып, анда ойногон ар бир ролу талкууга алынган актёрлор саналуу. Анын бири бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан Чо Ин Сон. Чү дегенде эле актёрду атак-даңкка бөлөгөн “Тоңуп калган гүл” тарыхый драма жанрындагы тасмасынан баштасак. 2008-жылы прокатка чыккан бул фильмде Чо Ин Сон падышанын жан сакчысы, сүйүктүүсү жана ханышанын ойношу болуп тартылган. Ролдун өзү олуттуу мамилени талап кылган. Дуу-дуу кепти жараткан тасма 18+ категориясында экендигин эске сала кетели. Актёр тартылган дагы бир хит фильм - бул “Классика”. Алгачкы сүйүү тууралуу таасирдүү баяндоону камтыган тасмада Чо Ин Сон эки курбу кыз жактырып калган жигиттин ролун ойногон. “Классика” – бул корейлердин кезектеги мелодрамасы эмес, бул романтизмге арналып тургузулган эстеликке барабар” деп көрүүчүлөр аталган тасмага баа беришет.

Ал эми сериалдарга келсек, Чо Ин Сон мында да эсте каларлык ролдору менен сөзгө арзыйт. 2004-жылы чыккан “Бали жөнүндө эскерүү”, “Ушул кышта шамал согот” (2013-жыл), “Баары жакшы, бул сүйүү” (2014-жыл) дорамалары ар бири өзүнчө жогорку рейтинг жараткан.

Актёр статусу боюнча бойдок. Буга чейин актриса Ким Мин Хи менен бир жылдан ашуун убакыт кыз-жигит болуп жүрүшүп, 2014-жылы экөө сүйүү мамилеси сууп кеткенин билдиришкен. Чо Ин Сон тасма талаасынан тышкары баскетбол ойногонду жактырат, таэквондо боюнча кара курга ээ.

Акыркы жаңылыктары кайра эле чыгармачылыгы тууралуу. Ушул жылы чыккан анын катышуусундагы “Падыша” деген тасмасы кыска убакыттын ичинде кассалык фильмге айланды. Көп өтпөй, дагы бир фильмге тартылуу сунушун алган актёр август айынан баштап режиссёрдун буйругунда болот.

28-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: