super.kg logo

Садыр Жапаровдун тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушту

 

Бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Учурда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Ал эми сот имаратынын алдында Жапаровдун тарапташтары чогулушту. Алар экс-депутаттын акталышын талап кылышууда. Азыркы тапта чогулгандардын саны 100гө чукул. Милиция кызматкерлери коомдук тартипке көзөмөл кылып жатышат.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.07.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Этият болунуздар дагын биздин калп эле конулдору назик милицияларыбыз бизге карай пластикалык бутулкаларды ыргытышты деп арызданып ыйлашпассын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: