super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Тишти кычыратууга көңүл бурбай койсо, кийин бир топ ооруларга себепчи болот"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Уктап жаткан адам тишин эмнеге кычыратат?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бул адат адамдын нерв системалары бузулганда же болбосо адамдын нерви чыңалганда болот. Ошондуктан менин айтарым психолог менен сүйлөшүп бир-эки жолу курстан өтүп коюш керек".

"Кайсы жактан экени эсимде жок, бирок бир жерден энелик мээрим эч болбогондо тиш кычыратышат деп окуган болчумун. Балким, үй-бүлөдөгү атмосфера канааттандырбай жаткандыр".

"Бул адат организмде ар кандай микроорганиздердин, башкача айтканда, курттардын көбөйүшүнөн келип чыгат. Биз көңүл койбогонубуз менен кийин бир топ оорулардын пайда болушуна себеп болот. Акем да уктаганда тишин кычыратат эле, текшерилип, дарыланган, азыр ал адаты калды".

"Мен уктап жатканда аябай кычыратам. Генден деген да туура окшойт, апам да кычыратчу, эми болсо 4 жаштагы балам да. Курттарга текшертсем жакшы эле чыкты. Стресс дейин десем, 4 жашар балада кайдагы стресс. Жаактары деле ордунда".

"Бул оорунун аты - бруксизм (түнкүсүн тиштерди кычыратуунун илимий аталышы) менен глисттердин, гельминттердин бар экендиги белгилүү. Бруксизм эмнеден болот: 1-стресстен; 2-гельминттер(глисттердeн); 3-жаактын туура эмес калыптанышынан жана 4-жаак булчуңдарында көйгөйү болгондон келип чыгат. Мындай оору менен ооруган адамдар атайын түнкү капа колдонушу керек, колдонбосо бара-бара тиштин эмали сүртүлүшүп кыйынчылыктарды туудурат. Кошумча дары катары магний, кальций жана В витамини сунушталат. Бул микроэлементтер жаактагы булчуңдардын "судорогисин" азайтат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.07.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тунку капаны кайдан тапса болот экен
30.07.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кызым 4 ЖЖ ашта тишин кытыратат .генден оту десен мен апасы да анлай кылбайбыз? Эмне кылса болот
30.07.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эжем да кычыратат эле ,тунку капаны тиш доктурлар жасап берет ,ошол жака кайрылсанар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: