Ыргал Кадыралиева: "Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, 700 миң жаран жумушсуз калат”
“Бажы биримдигине кирген соң Кыргызстандын 700 миң жараны жумушу жок калат”. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинде депутат Ыргал Кадыралиева билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан бардык жумушсуз адамдарды жөлөк пул менен камсыз кыла албайт. “Учурда 1,5 миллиондой жаран чет жерде иштеп жүрсө, бажы биримдигине кирген соң алардын саны мындан да көбөйөт”,- деди эл өкүлү. Өз кезегинде Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, 300 миң адам жумушсуз кала турганын билдирди. “Учурда 4,5 миң жумушсуз жаран 200 сомдон 700 сомго чейин жөлөк пул алат. Бардык жумушсуздарды жөлөк пул менен камсыз кылуу кыйын болот”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

