super.kg logo

Испаниядагы шоу учурунда буканын мүйүзүнө күйүп жаткан таякчаларды тагышканда ал коркконунан дароо жан берди

 

Испаниянын Фойос шаарында шоу-салтанаттын уюштуруучулары элдин көңүлүн ачуу үчүн "өзгөчөлүү" идеяны тапкан. Буканын мүйүзүнө баш жагы күйүп турган таякчаны орнотууну ойлоп тапкандар жандыктын ошондогу абалын эске албагандыгын салтанат учурунда билишкен.

Чет элдик маалымат булактары жазгандай, жергиликтүүлөр үчүн салтка айланган бука менен күрөшүү шоусунда анын уюштуруучулары буканын мүйүзүнө баш жагы жалындап күйүп турган таяктарды тагып коюшкан.

Оттон корккон жаныбар адегенде ошол жердеги түркүккө башындагы өрттү өчүрүү үчүн сүйкөнүп көргөн. Бирок башындагы жалын өчпөгөндө кыска аралыкка катуу чуркап, кайра артка кайтып түркүктү чоң күч менен сүзүп алган. Коркунучтан эси кеткен бука ошол жерден эле дароо жан берген.

Бирок Фойостогу күч органдары бул абалды кырсык деп эсептей турганын билдиришкен. Өткөн жылы да испаниялык жаныбарларды коргоочулар оттон коркуп азап чеккен буканын видеосун интернетке жарыялаган. Алар видеону "Жаныбарларга карата азаптуу кыйноо" деп аташкан.






Мүйүзүнө от жагылган бука коркконунан дароо жан берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
29.07.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
XXX ойуна келгенин жасап күнөөкөр болду
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-29 18:30:11
29.07.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бука коркконунан эмес, озун-озу олтуруп жан бериптир. Айбан болсо да, азап эмне экенин, азаптуу олум эмне экенин билип, озун олумго кыйгандай...

Адамдар биз барган сайын мыкаачы болуп бара жатабыз. Адамдар бети башы канжалап урушканын коруп ырахат алып жатабыз. Мусулманбыз дегенибиз менен бул динибизге каршы эмес бекен?!!

Ал эми буканы мындай азапка салгандардын озуно ушул жыгачтарды бышык кайыш менен байлап от коюп кое берсе кормок кандай болоорун жон териси менен сези
29.07.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдарга соз жок.Отту озулорунун башына коюп алып ойношсун.Ошончолук коргулору келип атса.
Жаныбарларга мээримсиз болгон адамдар жакпайт.
29.07.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюна келгенди кылган кокмээлер, бул эмне деген жорук эми, жан-жаныбарларга да аяр мамиле кылып мындай обу жоктук кылуунун кажети жок болчу.
29.07.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимге кандай мамилени кылсан ошону коросун. Ушул буканын олумуно себепчи болгондор бул дуйнодо же акыретте жазасын алышат. Алла Таала адилеттуу жана калыс зат.
29.07.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Орус оюна келгенди кылат дечу беле.
29.07.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коркконунан эмес, столбаны сүзүп жан бериптир го?!
29.07.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай макала коркконунан кантип жан бермек тооба!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: