super.kg logo

Актёр Жорж Клуни жакында төрөлгөн эгиз балдарынын сүрөтүн жарыялап жиберген журналды сотко берет

 

Америкалык белгилүү актёр Жорж Клуни франциялык Voici журналын сотко берет. Мындай маалыматты жергиликтүү жалпыга маалымдоочу каражаттар жазып чыгышты.

"Аталган журнал актёрдун июнь айында төрөлгөн эгиз балдарынын сүрөтүн уруксаты жок жарыялап жиберген. Ошол себептен актёр аларга мыйзам чегинде чара көрүүнү чечкен", - деп жазылат маалыматтарда.

"Өткөн аптада Voici журналынын фотографтары биздин короодон ашып өтүшүп, бакка чыгып алып бөлмөдө жаткан балдарыбызды сүрөткө тартышыптыр. Биздин балдарыбыздын коопсуздугу үчүн фотографтар, агенттик жана редакция мыйзамдын негизинде жоопко тартылышат", - деп жазган актёр билдирүүсүндө.

Журналга актёрдун жубайы жана балдары менен Италиядагы хансарайында тартылган сүрөтү жарыяланган. Жорж Клуни менен анын жубайы Амаль Аламуддин буга чейин жаңы төрөлгөн балдарынын сүрөтүн эч бир жерге жарыялаша элек болчу.

Эскерте кетсек, жубайлар өткөн июнь айынын 6сында эгиз кыз жана уулдуу болушкан. 56 жашка чыкканда алгачкы жолу ата статусуна ээ болгон актёрду коомчулукта күйөрмандары кызуу куттукташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.07.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
А биздикилер баласын эле эмес озу да чечине калып суротко тушуп,эч кайсы журналюганы кыйнабай туруп,оздору эле жарыялап коюшат))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: