super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-ИЮЛЬ: Бетине бычак тийгизип көрбөгөн корей актрисасы Син Се Гён 27 жашка чыкты

 
Аралыгы 19 жыл болгон альбомдун мукабасына түшкөн сүрөтү
“Моданын падышасы” сериалынан
“Эркек сүйгөндө” сериалынан
“Жыттарды көрө алган кыз” сериалынан
“Tazza 2” тасмасынан
“Алты учуучу ажыдаарлар” сериалынан
“Дарыялар кудайынын жубайы” сериалынан
Актрисанын балалыгы
Син Се Гён сулуу болгонунан улам журналдардын фотосессияларына, жарнамаларга тартылууга көп чакырылат

Түштүк Кореяда пластикалык операция бөтөнчө популярдуу. Ага жараша атактуу болгусу келгендер же белгилүү болгондон кийин деле корей жылдыздарынын көбү хирургдардын кызматында болушат. Ал эми “мен табиятымдан сулуумун” дегендер такай коомчулуктун жана журналисттердин микроскоптук көзөмөлүндө жүрүшөт. Алардын бала чактагы сүрөттөрүн кадимкидей аң уулоого чыгышкандай эле издешкени маалым.

Син Се Гёнду да дайыма пластикалык операция жасаткан деп кине коюуга аракет кылышат. Бүгүн 27-жайын тосуп алган каарманыбыз 8 жашында эле модель катары дебют жасаган. Тагыраагы ал корей ырчысы Со Тхэ Джинин “Бешти бер” деген альбомунун мукабасына сүрөткө түшкөн. Андан ары балдар берүүлөрүнө катышып, кыялында ырчы болууну самачу. Бирок Син Се Гён тарбияланган агенттик ырчылыктын ордуна актриса болуп көрүүсүнө көндүргөн. Ошентип, ал 2004-жылы “Менин кичинекей келинчегим” деген тасмада экинчи пландагы ролду аткарган. Альбомдун мукабасын бекеринен сөз кылбадык. Арадан 19 жыл өткөндөн кийин ырчынын быйылкы 25 жылдык чыгармачылык юбилейинин урматына Син Се Гён кайрадан альбомдун тышын кооздоду. Дал ушул сүрөттүн өзү актрисанын пластикалык хирургдардын столуна жатып бербегенин көрсөтөт.

Ал эми тартылган сериалдары жана тасмаларына токтолсок, “Моданын падышасы” (2012-жыл), “Эркек сүйгөндө” (2013-жыл), “Жыттарды көрө алган кыз” (2015-жыл), “Tazza 2” (2014-жыл), “Алты учуучу ажыдаарларды” (2015-жыл) белгилөөгө болот.

Азыркы тапта актрисанын катышуусунда “Дарыялар Кудайынын жубайы” деген сериал Түштүк Кореяда көрсөтүлүп жаткан кези.

29-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
30.07.2017. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси сулуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: