super.kg logo

Коллекционер "Марио" ретро оюну үчүн 2 миллион сомдон ашуун акча төлөдү

 

Коллекционер "Марио" ретро оюну үчүн 2 миллион сомдон ашуун акча төлөдү. Бул тууралуу Nintendotoday басылмасы жазып чыкты.

Убакыт өткөн сайын кээ бир оокаттардын баасы жогорулайт. Бул бир гана искусство чыгармаларына жана ретро-унааларына тийиштүү эмес. Коллекционерлер айрым учурларда эски оюн үчүн да бир топ каражат жумшоого даяр турушат. Эгер ал жаңы болсо, баасы бир нече эсе жогорулайт. Мисалы, жакында эле 1986-жылы чыккан Stadium Events симулятору 2 миллион 870 миң сомго сатылган. Эми коллекционер аукциондо Super Mario Bros көчүрмөсүн 2 миллион сомдон ашуун баага сатып алганы белгилүү болду. Бул оюн "Гиннесстин рекорддор китебине" тарыхта эң көп сатылган оюн катары кирген. Анын сатуучусу көп убакыттан бери оюнду кабинетинде сактап жүрүп, аны менен коштошууну чечип, аукционго койгон. Сүрөттөн оюн алгач болгону 26,99 доллар турганын көрүүгө болот. Аукционго ондогон адам катышып, акыры 30 100 долларга сатылган. Кызыгы, Super Mario Bros оюнунун ээси Kid Icarus оюнун да 11 миң долларга (755 миң сомдой) саткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
31.07.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо бул оюнду ойнодук го жакшы эле
01.08.2017. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oscar,ошону айтсаңыз, мен дивидиде ойночу элем хе хе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: