super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн президенттикке талапкерлердин арызын кабыл алуунун акыркы күнү

 

Бүгүн, 31-июль президенттикке койгусу келген талапкерлердин арызын кабыл алуунун акыркы күнү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 1-августка караган түнү саат 00:00дөн тарта арыз кабыл алынбайт. Андан ары 26-августка чейин талапкерлерди колдогон кол тамгаларды чогултуу жана кол коюу барактарын берүү процесси жүрөт.

Эске салсак, учурда президенттик шайлоого катышууга 52 талапкер арыз берген. 41 талапкер президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жатат. Ал эми 11 талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлдү. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: