Ошто "Адамды сатууга каршы 100 күн" аталышындагы акция өткөрүлөт
Ош шаарындагы борбордук аянтта "Адамды сатууга каршы 100 күн" акциясы өткөрүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 31-июлда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын адам сатууну жана мигранттарды өлкөгө мыйзамсыз алып кирүүгө каршы программасынын алкагында колдоого алынып өтүп жатат. Программа Европа Биримдиги уюму тарабынан каржыланат. Мында кулчулукка кабылган тургундар менен жолугушуу жана маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн саат 15:00дө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү, кулчулукка кабылган тургундар, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда башталат.

