Август айында аба ырайы салкын болуп, жаан-чачын күтүлбөйт
Август айында аба ырайы туруктуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө аймагында аба ырайынын орточо температурасы болжол менен күндүзү 23-25 °C ысык болсо, түнкүсүн 16-18°C болушу күтүлүүдө. Эң жогорку температура айдын биринчи 10 күндүгүндө орун алмакчы. Анда Чүй өрөөнүндө абанын температурасы күндүзү 32-37 °C`ге чейин жетсе, түнкүсүн 15-20 °C жылуу болмокчу. Ал эми айдын экинчи жана үчүнчү жарымында күндүзү 30-35 °C, түнкүсүн 11-16 °C болушу мүмкүн. Ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө күндүз 25-30 °C, түндө 12-17°C`ге жетиши күтүлсө, аталган аймактын чыгыш тарабында аба ырайынын температурасы күндүзү 27-32 °C, түнкүсүн 8-17 °C болору болжолдонууда.
Ошондой эле август айы июль айына салыштырмалуу салкын болору айтылды. Себеби июлдагы абанын эң жогорку температурасы 42,8 °C`ге жетсе, августтагы эң жогорку температура 40 °C`ге жетиши мүмкүн.
Ал эми өлкө аймагындагы жаан-чачын нормадан төмөн катталары күтүлүүдө.
