super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "2010-жылдын 21-декабрында мени менен жолуктум деген Модин ал күнү Москвада болгондугун билдик"

 

Бүгүн, 31-июлда Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши каралды. Отурумдун башында жактоочу Чынара Жакупбекова буга чейинки отурумдардын жүрүшүндө жазылган стенограммаларды материалдарга тиркөө өтүнүчүн келтирди. Бирок сот Айбек Эрнис уулу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Учурда Текебаев менен Чотоновдун сотунда тергөө маалында чогултулган материалдардын 3-тому каралууда. Экөөнүн үстүнөн жалпы 8 томдуу материал жыйналган. Сот Эрнис уулу Маевский менен Модиндин кайсы убакыттарда Бишкекке келишкенин аэропорттон алынган документтерге таянып, окуп берүүдө. Модин 2010-жылдын 28-мартында Бишкекке келип, 23-апрелде Москвага учкан. Кийин 26-майда кайра Бишкекке келген. Ал Бишкек-Москва каттамдарында эки өлкө ортосунда бир нече жолу учкан. Анын бардык учуулары V.I.P каттамдарда катталган.

"Модин 2010-жылдын 13-майында жана 21-декабрында Кыргыз өлкөсүндө болбогондугу аэропорттон алынган учуулардын расмий билдирүүсүндө аныкталып жатат. Кылмыш ишинде болсо 21-декабрда мени менен иш бөлмөмдө жолугушуу өткөргөн деп турат. Ошондуктан протоколго киргизип коюуңузду өтүнөм", - деди сотко Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.07.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кашасы чыгып атат го, эмнеге угушпайт!
31.07.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Театр болуп жатат элдин баары эле билип турат кимдин ким экенин,Текени сындыра алышпай жатат,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: