super.kg logo
  Саясат  

Бабанов: “Алмазбек Атамбаевдин менин талапкерлигим тууралуу айтканы чоң урмат жана сыймык болду”

 

Алмазбек Атамбаевдин менин талапкерлигим тууралуу айтканы чоң урмат жана сыймык болду”, - деп билдирди бүгүн, 31-июлда маалымат жыйында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов.

Ал президент бир партиянын президенти гана болбой бардык талапкерлерге таза, административдик ресурс колдонбогон шайлоо өткөрүп бере турганына ишене турганын айтты.

Ошондой эле КСДПдан көрсөтүлүп жаткан талапкер Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине баа бербей турганын белгиледи.

"Сооронбай Жээнбековго же башка талапкерлерге баа бербейм. Өзүмдүн талапкерлигимди көрсөтүп жатам. Жээнбековдун өзгөчөлүгү КСДП колдоп жатканы, премьер-министр болгону. Ушундан улам мүмкүнчүлүгү чоң болуп жатат", - деди Бабанов. Каттоодон өткөнчө премьер-министрлик кызматтан кетет деп ишене турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: