Чыныбай Турсунбеков: "Алмазбек Атамбаев менен кызмат орду боюнча соодалашкан жокмун"
Бүгүн, 31-июлдагы маалымат жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президент Алмазбек Атамбаев менен кызмат орду боюнча соодалашпаганын айтты.
"Айрым массалык маалымат каражаттарына мени президент менен соодалашып жатыптыр деген материалдар чыкты. Мен туугандарыма же өзүмө кызмат сурап президентке кайрылган эмесмин. Мындай учур менин тагдырымда болгон эмес. Жогорку Кеңештин төрагасы катары президент менен жолуккам. Ал эми менин кызмат ордумду Жогорку Кеңештин депутаттары процедуранын негизинде чечет", - деди ал.
Ошондой эле ал президенттикке аттанам дегенден тарта аны айрым ММКлар жамандап материалдарды чыгарганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-3

