СУПЕРСТАН: "Азанды коюп, түн жарымда элге уйку бербеген кафелердеги музыканы тыйып алышпайбы"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө колдонуучулар азандын үн бийиктиги кадимки сүйлөшүүнүн үнүнө чейин төмөндөтүлгөнүнө нааразы болуп "Таң эрте намазга ойготкон азандын үнү тынчыңызды алабы?" деген теманы талкууга алышкан.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бул жалган дүйнөдө эң жагымдуу үн - азан. Бардык мен мусулманмын деген адамдын жүрөгүнө жагымдуу. Алла Таалага жүгүнүп, мусулманчылык парзды аткаруу үчүн айтылган азанды, адамдын үнүндөй чыккан деңгээлге төмөндөтүү бир кечиримсиз жана акылга сыйбас иш".
"Бул маселени 4-5 эле адам чечип койду го. Болгону 3 минутага жетпеген азандын үнүнө чектөө койгондун ордуна кафелерде чыккан даңкылдаган музыкага чектөө койсо болмок".
"Ислам дини бул аябай жумшак, сылыктык менен жеткирилген дин экендиги дагы бир ирет далилденип, ынандырды. Болбосо муфтият деле "жок, андай кылса болбой калат" деп өз талабын коргоп токтотуп койсо болот эле, бирок ошол 5-6 эле кишиге зыян келгени үчүн катуу тийип калбасын деп акырындатып коюшту. Мына сага сылыктык".
"Биринчи түн жарымга чейин даңгыр-дүңгүр болуп, элге түн жарымында уйку бербеген кафелердеги музыкаларды тыйып алышпайбы?! Аларга күчтөрү жетпейт да, себеби акчаларын жеп алышкан, бул турган эле кеп".
"Ии, койгулачы. Ойготкуч 10 жолу шыңгыраса араң угуп, уйкудан араң турасың. Анан ушул азан бир жолу эртең менен алыстан айтылса уйкулары бузулуп, анан да чочуп жатышат бекен? Элестете албай койдум".
"Азандын үнүнөн ойгонуп көргөн эмесмин. Элдин тынчтыгын бузган бир эле азан эмес го..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.


Кой аксагы менен жуз болот экенбиз да.
Азанга тыйу салбаганына Шугур.