Бишкектин медицина кызматкерлери “Энелер күнүн” белгилешет
Бишкек шаардык балдардын клиникалык тез жардам көрсөтүүчү ооруканасында бүгүн, 21-майда саат 16:00дө “Энелер күнү” белгиленет. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген көп балалуу энелерге баалуу сыйлыктар тапшырылат. Маалым болгондой, “Энелер күнүнүн” алкагында Саламаттыкты сактоо департаменти 6-майдан 25-майга чейин бардык медициналык мекемелерде аялдарды акысыз медициналык кароолордон өткөрүүдө. Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарды үйлөрүнөн кароо уюштурулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

