super.kg logo

“Мураскерлер” сериалындагы Ён До химиялык терапиянын биринчи дарылануусунан өттү

 
Ким У Бин "Мураскерлер" сериалында Ли Мин Хо, Пак Шин Хе менен баш каармандардын биринин ролун жараткан
“Акылга баш ийбеген ашыктык” сериалында ойногон Сюзи менен
"Мастер" тасмасында белгилүү актёр Ли Бён Хон менен чогуу тартылган
Сүйүктүүсү болгон актриса Шин Мин А менен

Түштүк Кореянын “Мураскерлер” сериалындагы Ён До деген каармандын ролу менен таанылган актёр Ким У Бин алып жаткан химиялык терапиянын биринчи дарылануусун ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу атактуунун агенттиги маалымат таратты. “Химиялык терапиянын экинчи бөлүгүнөн кийин сиздерге жакшы кабар айтабыз деп үмүт кылабыз. Дарылануунун жыйынтыгы август айынын орто ченинде билинет. Азыркы учурга карата Ким У Бин 10 килограммга арыктады. Медицинанын өнүгүүсүнө жараша химиялык терапиянын биринчи бөлүгү актёрдун тышкы келбетин өтө көп өзгөрткөн жок”, - деп жазылат агенттик тараткан маалыматта.

Ким У Бин рак илдетине кабылганын ушул жылдын май айында өткөн медициналык текшерүүдөн кийин билген. Актёр учурда алкым көңдөйүндө жайгашкан баштапкы стадиядагы рак оорусунан дарыланууда. Ага сүйүктүүсү болгон актриса Шин Мин А моралдык колдоо көрсөтүп жатат.

28 жашка чыккан Ким У Бин “Мураскерлер” сериалынан тышкары “Акылга баш ийбеген ашыктык” менен “Мастер” деген жана башка тасмаларга тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
31.07.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мага чын журоктон баарыбир бул доремифабы ,Кыргыздардын жакшы иш кылган жигиттерин жазгыла андан коро
31.07.2017. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эч Ким оорубасынчы тынчылык болсунчу Кудайым колдосун баарыбызды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: