super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-АВГУСТ: Легендарлуу "The Beatles" тобунун солисти Пол Маккартнинин аткаруусундагы "Yesterday" ырынын жарыкка чыкканына 52 жыл болду

 


Пол Маккартни

Көпчүлүк сүйүп уккан, жарыкка чыкканына бир топ жыл болсо да өз угармандарын жогото элек "The Beatles" тобунун солисти Пол Маккартнинин аткаруусундагы “Yesterday” чыгармасынын жаралганына 52 жыл болду. Ыр 1965-жылы 1-августта топтун “Help” (“Жардамга!”) аталышындагы альбомунда жарык көргөн. Ал топтун тарыхындагы Маккартниден башка бир да солист катышпай аткарылган алгачкы чыгарма.

Автордун айтымында, ал ырдын музыкасын түшүндө угуп, ойгонор замат музыканы нотага түшүргөн. Ал эми сөзүн Португалияда эс алып жүргөн кезинде жазган. Ыр Маккартнинин өзүнө жакканы менен топтун мүчөлөрү чыгарманы жаңы альбомго кошпой эле коюуну өтүнүшкөн. Себеби “Yesterday” топтун имиджине туура келчү эмес. Бирок чыгарма альбомдун ичине кирген жана топко атактуулуктун туу чокусун алып келген.

Чыгарма жарыкка чыгар замат көпчүлүктүн купулуна толуп АКШ, Канада, Жаңы Зеландия жана башка бир топ өлкөлөрдүн хит-параддарында алгачкы орундарды ээлеп, 1999-жылга чейин 7 миллиондон ашуун жолу көрсөтүлгөн. Ушул эле жылы “Би-би-си” радиостанциясы жүргүзгөн сурамжылоо боюнча эң көп угулган чыгарма аталып, “ХХ кылымдын мыкты ыры” деп табылган.

Пол Маккартни

Ошондой эле 1965-1973-жылдар аралыгында чыккан дүйнөлүк чыгармаларга караганда бир топко көп, тактап айтканда, 1186 кавер (ред: автордун эмес, башка бирөөнүн аткаруусунда ырдалган ыр) жазылгандыктан "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

1-августтун жылнаамасы.






Пол Маккартни "Yesterday"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.08.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул жерге жазганга туура келди кечирип коёсуздар.Президентибиз Курманбек Салиевичтин бүгүнкү туулган күнү менен куттуктайбыз.Ар дайым ден чың ден соолукта болуңуз,үйибүлөө жакындарыңыз менен тынч аман болуңуз,Аллахым сизге тынччылык узак өмүр берсин.Биздин президент боюнча кала бересиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: