super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: “Айыл-агро-2013” көргөзмөсүнө дүйнө жүзүндөгү жаңы айыл чарба техникалары коюлат”

 

22-майга пландалып жаткан “Айыл-агро-2013” көргөзмөсүнүн негизги максаты - айыл чарба тармагына чоң түрткү берүү, технологияны, жер иштетүүнү өздөштүрүү ыкмаларын дыйкандарга жеткирүү”,- дейт вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 21-майда өкмөт үйүндө берген маалымат жыйынында. Айтымында, көргөзмөгө республиканын бардык аймактарынан 5 миңден ашык дыйкан, фермердин катышуусу күтүлүүдө. "Аталган көргөзмөгө дүйнө жүзүндөгү жаңы айыл чарба техникалары жана ошондой эле жаңы ыкма менен жер айдай турган техникалар, жаңы шаймандар коюлуп, жергиликтүү дыйкандар менен тааныштырабыз. Дыйкандарды техникалардын ээлери менен түздөн-түз көздөштүрүп, алар менен макулдашуу түзгөнгө шарт түзүп бергенге аракет кылып жатабыз” деп кошумчалады вице-премьер-министр. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: