Адис: "Баланы жасалма аралашмалар менен багуу кант диабетине алып келет"
Баланы жасалма аралашмалар менен багуу анын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Бала эмизүү жумалыгынын негизинде уюшулган "Кыргыз мамлекети бала эмизүү боюнча көрсөткүчү төмөн өлкөлөрдүн катарына кирди" деген теманын алкагындагы талкууда айтылды.
Маалым болгондой, жасалма аралашма менен чоңойгон наристенин бою өспөй, кант диабети жана аллергия менен жабыркашы мүмкүн. Адистер: "Бала эмизүүнүн пайдасынан башка зыяны жок. Кыргызда наристе эмчектен чыга электе эне кайрадан кош бойлуу болуп калса, баланы эмизүүнү токтотуш керек деген түшүнүк жайылган. Бул туура эмес, тескерисинче, аралашма берүүнүн зыяны чоң", - деп белгилешти.
Белгилей кетсек, 1991-жылдан бери 1-7-август күндөрү "Бала эмизүү жумалыгы" деп жарыяланып, адистер дүйнө жүзү боюнча энелерге акысыз кеңеш берүү, бала эмизүүнүн канчалык деңгээлде пайда экенин жайылтып келишет. Аталган максаттын негизинде 5-август күнү "Түштүк Дарбаза" эс алуучу жайында саат 17:00дө адистер эмчек эмизген энелер менен жолугушуу өткөрмөкчү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Мен96,97, 2012,2013 инилерим бар
97 анан 2013 инилерим экөө тең үч жашка чейин эмишкен, экөө чоң
А мен анан 2012 иним анча эмбей калып (1жашка чейин) кичинебиз...
Ошондуктан көпкө чейин эле эмизиш керек баланы