super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү дайынсыз жоголду

 

Бишкекте "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Нургазы Бакаев дайынсыз жоголду. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта SUPER.KG порталына аталган партиянын басма сөз кызматынын өкүлү Жакшылык Бердибек уулу билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 31-июлда саат 21:00 чамасында Нургазы Бакаевди белгисиз адамдар кармап кетишкен. Ал партиянын мүчөсү Чынара Аблакеевага бирөөлөр кармап кеткени боюнча WhatsApp'тан аудио билдирүү жөнөткөнүн билдирди. Ошондон бери уюлдук телефону өчүк болуп жатканын кошумчалады. Милицияга арызды эртең, 2-августта эртең менен бере тургандарын белгиледи.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Нургазы Бакаевдин жоголгону тууралуу маалыматы жок экенин SUPER.KG'ге билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: