super.kg logo
  Саясат  

БШК: “Президенттикке талапкерлердин 11и кылмыш жоопкерчилигине тартылган

 

“Президенттикке талапкерлердин 11и кылмыш жоопкерчилигине тартылган” деп кечээ,1-августта маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алардын айрымдары эки ирет соттолгон.

“Талапкерлер тарабынан бул өтө жоопкерчиликсиз көрүнүш болуп калды. Биздин мыйзамдар либералдуу, эл аралык стандарттарга жооп берет, соттуулугу алынып салынган жана жоюлгандар талапкер катары шайлоого катыша алышат”, - деди ал.

Шайлдабекова билдиргендей, 7 аял, 52 эркек президенттикке шайлоого талапкерлигин көрсөтүүдө. Алардын ичинен 8 киши мамлекеттик кызматта, 7 киши коммерциялык уюмдарда, 29у бейөкмөт уюмдарда иштейт, 9у убактылуу иштебейт, 6 киши пенсионер.

Айта кетсек, кечээ, 1-августта БШК талапкерлердин арызын кабыл алуу ишин жыйынтыктап, жалпысынан 59 жаран шайлоого катышууга арыз менен кайрылган. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: