Гүлнора Каримованын уулу апасына тагылган айыптардын далили жок экенин айтып маек берди

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун небереси, Гүлнора Каримованын уулу Ислам Каримов Би-Би-Си радиосуна маек берип апасына коюлган айыптар негизсиз экенин айтты.
Маалым болгондой, Гүлнора Каримовага байланыштуу кылмыш ишинде 2 миллиард доллар тууралуу айтылат. Бул боюнча Ислам Каримов:
"Мен апамдын акчаларын билем, бул сумма асмандан эле алынган жана эч кандай далили жок. Айтылган сумма бир нече эсеге көбөйтүлгөн. Бардык министрлер, туугандарыбыздын катыштыгы бар нерселерди да мүмкүн болушунча ага кошуп салышты. Ал соттолот, калганы эч нерсе болбогондой ишин уланта беришет. Мен азыр алардын атын айтпайм. Биз азыркы бийликте тургандардын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, ар бир министрдин долбоорлору жөнүндө жазылган документтер топтомун жарыялоого даярданып жатабыз. Көпчүлүгүнүн байлыгы 2 эмес, 3-4 миллард доллар, аларды эч ким сөз кылбайт", - деген.
Буга чейин дайыны белгисиз болуп жаткан Гүлнора Каримова акыркы 2 жылдан бери камакта экендиги жакында эле ачыкка чыккан. Ага карата Кылмыш кодексинин 6 беренеси менен айып тагылганы маалым болгон. 2013-жылы Каримовага карата салык төлөөдөн баш тартуу, кылмыштуу топко кирүү, опузалап талап кылуу менен акча каражатына, мүлк объекттерине ээ болуу, документтерди жок кылуу жана катуу фактылары менен кылмыш иши козголгон.
Ислам Каримов апасына тагылган айыптарда далил жок экенин белгилеп, күбөлөрдүн көрсөтмөсү коопсуздук кызматкерлеринин аракети менен алынган деген пикирин билдирген.
Ислам Каримовдун небереси апасы Гүлнора Каримованын абалы тууралуу маек берди

