Унаанын багажына жашынып Түркияга өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды
Унаанын багажына жашынып Түркияга өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу түркиялык маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, 28 жаштагы А.М. аттуу Кыргыз жараны 31-июль күнү түрк-грузин чек арасынан кармалган. Ал Грузиянын жараны башкарып бараткан унаанын багажына жашынып, Түркияга кирүүгө аракет кылган.
Ошондой эле маалыматта тиешелүү документтер толтурулган соң Кыргыз жараны депортация болору айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:01
2025-10-06
16:20
2025-10-06

Рейтинг:
0

Паспортторубуз арзан распродажадан да чыгып калат эле.